Пример HTML-страницы

Ош—Алай унаа жолун шагыл аралаш сел бөгөп калган. Учурда абал кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-апреде Ош—Алай унаа жолунун 15-чакырымына, тактап айтканда Кара-Суу районунун Мады аймагында көлөмү 400-500 метр куб шагыл аралаш сел түшүп, жолду жаап калган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, жеринде облус жетекчиси Элчибек Жантаев координация кылып, Ош облустук жолдор башкармалыгы жолду ачты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери унаа тыгынын жаратпай, көзөмөлгө алышты.

Өкүлдүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев жана Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев айдоочуларга, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиргендей, учурда жол ачык, каттам бар. Жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

—————————————————————

Ош облусунун Кара-Суу районунда 20-21-апрель күндөрү нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, унаа жолдорду, ички чарбалык жолдорду каптап, үйлөргө, социалдык объекттерге суу кирген.

Селден кийин Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE