Пример HTML-страницы

Улуу Ата Мекендик согуштун Таластагы жалгыз ардагери Араке Арстанбековго Россиядан адамдар келишти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-апрель күнү Айтматов районуна Россиянын президентинин чет өлкөлөр менен аймактык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жумушчу сапары менен келишти. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар алгач Бакыян айылындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугушуп, атайын алып келген белектерин тапшырышты. Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун облустагы жалгыз катышуучусу Араке Арстанбековдон кабар алып, белектерин беришти. Коноктор Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин кичи мекениндеги баатырдын айкелине гүлчамбарларды коюшту.

Аталган иш-чара райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, келген конокторго сый көргөзүлдү.

  • Талас облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун бир гана ардагери бар. Ал — Айтматов районунун Бакыян айылынын 97 жаштагы тургуну Араке Арстанбеков. Ал Россиянын жарандыгын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE