Пример HTML-страницы

Айлыгы 7 миң сом, турак жайдын ижара акысы жогору. Жайыл районунда дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон калууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл райондук ооруканасында дарыгерлердин жетишсиздиги курч болууда.

Бул тууралуу «Социал-демократтар» фракциясынын депутаты, Жайыл райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Адилет Ниязов Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.

Анын айтымында, 5 жылдан кийин иштей турган киши калбай калышы мүмкүн.

«Кара-Балта облустук маанидеги шаар болуп калды. Тилекке каршы жергиликтүү оорукана бул макамга туура келбейт. Бизде кадр маселеси курч турат. Биз бул жерге жаш адистерди тарта албай жатабыз. Анын бирден-бир себеби турак жайдын ижара акысынын кымбаттыгы. Бул жерге келгенде жаш дарыгер 7000 сом айлык алат. Биз бул маселени чечишибиз керек. Биздин төрөткана сыяктуу медицина ыдырап кетиши мүмкүн. Азыр төрөт үйү жабылды. Ал жакта адистер жетишсиз. Коңшу райондордун төрөт үйлөрүндө кош бойлуу аялдар көп. Ошондуктан, 1 млрд сом бөлүп жатканда ооруканага кандайдыр бир деңгээлде жардам берүү керек», — деди Адилет Ниязов.

Шаар мэри Мирлан Жекшенов бул маселенин үстүндө иштеп жатканын, келерки жылы борбордук аймактык оорукананын аймагына жаңы оорукана куруу пландалып жатканын, ал 15 жылдан ашык убакыттан бери токтоп турганын билдирди.

«Кара-Балта шаарынын ылдый жагында жайгашкан борбордук аймактык оорукананын төрөт үйүнүн базасына келерки жылы жаңы оорукана курууну пландап жатабыз. Бул биздин 2025-жылга карата түзүлгөн пландарыбызда бар. Социалдык турак жай боюнча айтсак, кечээ эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга турак жай куруу үчүн 2 гектар жер тилкеси берилди. Эми бул вариантты карашат», — деди ал.

———————

Буга чейин оорукананын башчысы Нурбек Жумабаев төрөт бөлүмү ишин токтотконун билдирген. «Төрөткана 10-апрелде 6-майга чейин иштебейт. Бул убакыт аралыгында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын буйругу менен палаталарда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүшү керек, бейтаптардан ичеги таякчалыр табылган. Мындан сырткары демөөрчүлөрдүн каражаты менен бөлүмдө косметикалык оңдоо жүргүзүлөт.

Кадр жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Бүгүнкү күндө 11 бош орунда дарыгерлердин 8,5 ставкасы бар. Жаш адистерди тартуу үчүн турак жай жана эмгек акы маселесин чечүү керек. Бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Шаар мэриясына жаш адистерге жатакана берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Жаш адистерге көбүрөөк ставка беребиз, ошондой эле бош орундар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине билдирмени жол-жоболоштурдук», — деген. директор.

Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү 50 орунга ылайыкталган. Ошондой эле гинекологиялык бөлүмдө 25 орун бар.

«Көз жара турган келиндерди Москва жана Сокулук райондоруна жөнөтөбүз. Ал эми патологиялык учур болсо, Бишкек шаарына жөнөтүлөт», — деп кошумчалаган ал.

———————

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзгөн.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Саламаттыкты сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2024-жылдын 14-февралындагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Ал эми аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилген.

2024-жылдын 11-февралында Жайыл районундагы оорукананын төрөт бөлүмүндө операция жолу менен көз жарган аял каза болгон.

Ал тогузунчу баласын төрөгөндөн кийин көз жумган. Ага Бишкектен барган дарыгерлер операция жасашкан.

Териштирүү учурунда 2024-жылдын 10-февралында Жайыл райондук төрөт үйүнө 1988-жылы туулган М.Г. келип, саат 03:54 чамасында төрөп, төрөттөн кийин абалы начарлаганына байланыштуу операция жүргүзүлгөндүгү, андан кийин каза болгондугу аныкталган.

Анын ымыркайы аман калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE