Пример HTML-страницы

Ооруканадан жолдошун тапкан Нуриза айымдын кызыктары

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну Нуриза Желденбаева. Ал мындан дээрлик 10 жыл мурун жолдошун жолуктурганын, келиндик доорун жана учурдагы жашоосун айтып берди.

«Мен 1993 жылы 3-майда Бишкек шаарында жарыкка келгем. Бирок түпкү тегим Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынан болот. Борбор калаадагы мектепти аяктагандан кийин А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде медайым адистиги боюнча билим алдым. Студент кезде ооруканаларда практикамды өтөп жүрдүм. Дал ошол күндөрдүн биринде болочоктогу жолдошума кезигип калдым.

Ал ошол убакта травматология бөлүмүндө дарыланып жатыптыр. Мен ага ийне саюу үчүн палатага кирүүнү өтүндүм. Ал керебетинин үстүндө мени башкача көздөрү менен карап отуруп, ийне саяйын десем, сайдырбай койду. Мен анын бул жоругуна абдан ачуум келди, “сен жаш экенсиң” деп, мага ишеним көрсөтпөгөндөй туюлду. Бирок анын жанында жаткан бейтаптардын баарына эле ийне сайып жүргөм.

Эртеси жанагы байке жаныма келип, байланыш номурумду сурады. Жумуш учуру болгондуктан “палатага баргыла” деп урушуп салдым. Ошентип, менин практикамдын мөөнөтү аяктаганча жакшы мамиле кылып жүрүп, номурумду алып алды. Анда мен 20 жашта болчумун. Ал учурда жактырып, же сүйүп калганын деле айткан эмес. Бирок жолугушуу, киного бат-баттан чакырып турчу. Караган көз карашы, жылуу мамилеси менен сезими бар экенин билдирип койчу», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги эсте калган окуялары менен бөлүштү.

«Жолдошумдун аты-жөнү Руслан Мукаев. 1988-жылы Бишкек шаарында жарыкка келип, ошол жакта эле чоңойгон. Бирок түпкү теги Нарын облусунун Кочкор районунан болот.

Турмуш кургандан кийин 2 айга жолдошумдун кичи мекени Кочкорго келгенбиз. Ошондо короодо койдун куйкаланган башы менен ойноп, жолдошум экөөбүз кубалашып жүрсөк, ары жактан чоң апабыз карап туруптур. Өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип, жасап жаткан ишиме киришкем.

Жаңы келген келинди көрүүгө келгендер көп болот эмеспи. Көшөгөнүн сыртында жерде уктап калыптырмын. Түшүмдө “Нуриза, Нуриза” деп эле бирөө чакырып жатыптыр. Ойгоно калсам, маңдайымда кайнежем жана кошуна жеңелер турушуптур. Уялганымдан тура калып эле жүгүнө калсам, каткырып күлүп жатып калышкан. Анан бир жеңебиз: “көшөгөнүн сыртынан эмес, ичине кирип жүгүн” деп күлүп, жоолугун салып кеткен. “Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт” демекчи, ошол көз ирмемдер эсимде сакталып калыптыр», — деди ал.

Ал учурдагы абалы жана жашоосу боюнча кеп кылды.

«Жолдошум экөөбүздүн биринчи ийгилигибиз — алты саны аман, он эки мүчөсү түгөл, ден соолугу чың кыздуу болгонубуз. Ал эми материалдык жактан болсо, үйлүү жана уналуу болдук. Кочкордон келгенде үйүбүз жок болуп, эл катары батирледе жашап жүрдүк. Анан 1 бөлмөлүү батир сатып алдык. Кийинчерээк аны сатып, өз алдынча бүтүрүү үчүн (ПСО) жаңы 2 бөлмөлүү батир сатып алдык. Жолдошум өз колу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, азыр жашап жатканыбызга 1 жыл болуп калды.

Азыркы тапта Бишкек шаарындагы сулуулук салондорунун биринде маникюр жасап иштейм. Бардык аялзатындай эле, үй жыйнайм, даамдуу тамактарды жасаганга аракет кылам. Мындан тышкары бийлегенди жакшы көрөм, күнүгө болбосо дагы бат-баттан бийлеп турам. Келечекте максаттарым жеке бизнесимди түптөп, ата-энелерибизди чет өлкөгө эс алдырып келсек деген ойлорубуз бар», — деп сөзүн жыйынтыктады Нуриза айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE