Пример HTML-страницы

Түн бир оокумда бирөөнүн үйүнө терезе аркылуу кирген 3 балалуу атанын жоругу. Ак-Талаадагы окуянын чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Талаа райондук соту бирөөнүн турак жайына мыйзамсыз кирүүгө айыпталган тургундун ишин карап, 2024-жылдын 9-апрелинде өкүм кабыл алды.

Сатыбай (аты өзгөртүлдү, С. Б.) Ак-Талаа районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Сатыбай 2024-жылдын 3-мартында саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып, спирт ичимдигин ичкен. Саат 23:00 чамасында А.Т.нын короосуна кирип, үйүнүн эшигин бир нече жолу тарткылаган. Ачылбай койгондуктан, күн чыгыш тараптагы жыгач терезенин айнегин сындырып, үйдүн ичине мыйзамсыз кирген. Үйдө эки өспүрүм болгон. Алар коркуп, бир бөлмөгө бекинип, милиция кызматкерлерин чакырабыз деген учурда Сатыбай белгисиз жакка качып кеткен.

Жыйынтыгында жабырлануучуга 500 сомдук олуттуу эмес өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирилген. Сатыбайдын аракети Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен квалификацияланган. Анын квалификациялык белгиси болуп адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү болуп саналат.

Соттук отурумунда жабырлануучу А.Т. айыпталуучу Сатыбай менен өз ара элдешип алышкандыгын, ага карата эч кандай доосу жоктугун, материалдык зыяндын орду толтурулганын көрсөтүп, жеке ачык айыптоодон баш тартарын билдирди жана кылмыш ишин кыскартуу тууралуу өтүнүч келтирди.

Соттук отурумда айыпталуучу Сатыбай коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, өкүнүү менен жабырлануучудан кечирим сурагандыгын, жарашуу макулдашуусуна жетишкендигин, жабырлануучунун ага карата доосу жок экендигин көрсөтүп, кылмыш ишин кыскартып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сурады.

Мамлекеттик айыптоочу, Ак-Талаа районунун прокурорунун улук жардамчысы М.Ж. жабырлануучу менен айыпталуучу өз ара жарашып, жарашуу жөнүндөгү процессуалдык макулдашууга жетишкендиктен, ишти кыскартууга каршы эместигин билдирди.

Жыйынтыгында кылмыш иш Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 13-пунктунун негизинде өндүрүштөн кыскартылды. Сатыбай Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш жоопкерчиликтен бошотулду.

Токтомго нааразы тарап он сутканын ичинде Ак-Талаа райондук соту аркылуу Нарын облустук сотуна апелляциялык же сунуш тартибинде даттанууга укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE