Пример HTML-страницы

Караколдогу банк жетекчиси ур-токмокко алынып, ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы банктардын биринин жетекчиси ур-токмоктон кийин ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, банк жетекчисине кол көтөргөн жарандар укук коргоо органдарында эмгектенишет. Ооруканага жаткырылган банк жетекчиси милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган жаран арыз менен кайрылганын Ысык-Көл ОИИБи тастыктады.

Маалыматка караганда, Каракол шаарынын 1975-жылы туулган тургуну К.Р.Ж. арыз менен кайрылган. Ал 2024-жылдын 15-апрелинде саат 19:20 чамасында Каракол шаарындагы Гебзе көчөсүндө орун алган «Мангал» кафесинде аны Б.А. жана А. аттуу жарандар эч себепсиз кол көтөрүп, муштуму менен оозго чапкылап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Аталган арыз катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Эспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE