Пример HTML-страницы

Ак кара 4 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак кара. 4- бөлүм.

  Ыйладым…. Күйөөм түшүнүксүз, кайненем дүйнө жиндиси, атам кетип калганына же ажырашып жатканыма эмес. Ар дайым жанымда жүргөн, сырымды уккан, бүтүндөй дүнүйөнүн жүгүн көтөргөн апам үчүн. Кайдагы ата бабам тааныбаган адамдарга мен үчүн, турмушум бузулуп кетпөө үчүн тебеленди болуп, жеме угуп жатканына.

— Мунар, жетээр жерибиз ушул экен. Кыйналып кеттим, бар кетчи. Кетип калчы сураныч. Сени студент кыздар жакшы көрүп, ашык болгонун билем. Ошолордун бирөөсүнөн, сен эмес сени сүйгөн адамдан бактыңды изде. Менин тагдырымды талкалагандай башка жаш кыздын тагдырын талкалаба. Үйлөнүүгө, үй-бүлө багууга даяр болгондо турмуш жолун башынан башта. Аракет кылдым, көрдүң.

— Элмира эмнеге актанып жатасың? Булар ал нерсеге арзыбайт, кир үйгө. Өлбөс жан булар жок деле багылат. Мен турам, Сагын турат. Аруужан тез эле чоңойот, болбогондой болуп кетебиз али. Эркекти эркек кылып тарбиялоо баардык эле аялдын колунан келе бербейт кызым.

— Элмира биринчи ирет эмес, экинчи ирет болуп жатат. Эми тизелеп келсең да кечирбейм, өз жашооң менен жашай бер, эми бошсун. Кызымды болсо сага калтырат деп ойлобо, силерге окшогон маданиятсыз адамдар тарбия бере алмак беле. Энең кыздын турмушуна аралашпоо керек экенин билбейт го байкуш. Айтып кой оозун жаап энеме асылбасын. Мага ким экен ал.

— Мен, ошол сага окшогон жиндиге кызын төрөп багып берген аял болом. Ошол сөздөрүңдү өз апаңа барып айт, ошондо так дарекке жетет. Бас Элмира мындай адамга сөз сүйлөп пайда таппайсың. Закон ар дайым эне тарапта, Аруужанды тартып ала албайт. Алган күндө деле буларга баланын кереги жок, калп эле коркутаны.

 

Кошуналар чыгып, кино көргөндөй тиктеп калыптыр. Уялып кирип кеттик эле, Мунар дагы кол шилтеп басып кетти. Балким ката бизден кетип жатсачы? Апамдан атам кетти эле эми минтип менден Мунар кетип жатат.

Билимдүү адам миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат деген чынбы дейм. Эртеси Мунар үйгө комиссия менен келиптир. Жакында сот болоорун, жана ошол кыска убакытта жумушка орношуп, кызыма ыңгайлуу шарт түзүлбөсө менден Аруужанды тартып алышат экен. Эмчектеги баланы апама таштап иштеген күндө деле, кыз кароосуз калып жатат деп чыгышат булар. Бизде же Адвокатка акча жок, мамлекет бөлүп берген бекер адвокаттын кызматы менен пайдаланууга аргасыз болдук. Акча бербесең ал деле кабагым же кашым дебейт экен. Өзүңдү актоо үчүн өзүң чуркаш керек. Сот болуучу күнгө аз калганда Мунар мени жолугушууга чакырды. Айта турган сөзүн мыкты билип турдум. Жанымды алса алсын, бирок кызымды албасын. Өз кызымды кантип бирөөгө берип койом? Алар алган күндө деле жыргатпайт. Кызы жок туугандары бар, ошолор бир жолу эмики кызыңды бизге бергиле деп кайненеме айтып жүргөн. Ошолорго берет да. Мени дагы кызымды дагы бактысыз кылмай болушту булар. Мунарга жолугушууга барууга аргасыз элем. Апам болсо терең ойго батып кетти. Кыздын бактысыз болуп калышы энеге катуу тийет тура. Эркек болсо анча билинбейт, аялы байкуш балдарын алып кетсе. Эркек сөрөй болбогондой башка жаш кызды колтуктап келип, аял кылып алат эмеспи.

— Элмира, биз бири-бирибизге бөтөн эмеспиз. Кантсе да ортодо кыз бар. Аруужанды ойлойлу, эгер азыр кызды алсам сен аны экинчи көрбөйсүң. Ал колумдан келет, билесиң. Жок дей турган болсоң, мен айткан шартка көн. Аруужанды апаңа таштап иштегени кет. Үй куралы, бутка тургандан кийин кызымды талашпайм. Каалаганыңды кыл, адырашсан да өзүң билесиң.

— Ошондо, биздин үй-бүлөнү акчага алмаштырып жатасыңбы? Кызыңдын бактылуу балалыгын акчага алмаштырып жатасыңбы? Мени акчага алмаштырып жатасыңбы? Уятын жок экен Мунар. Бул кылганың сага эки эселеп кайтат, ошондо өзүңдүн башыңа көрсөтсүн. Кызымдын башына бербесин. Акмак экенсиң Мунар.

— Айтор ойлонууга сага эки күн, болбосо Аруужанды экинчи көрбөйсүң.

Үйгө келсем апам көзүмдү карайт. Мунардын сөздөрүн окуп алгысы келди көрүнөт, мен болсо көзүмдү алып качтым. Кызымды алып, бөлмөмө кирип катуу кучактап, жыттап өөп, азыр эле бирөө жулуп кетчүдөй ыйладым. Ойлондум, ойдун түбүнө жетпедим. Апам улам сурайт, айта албай койдум. Акыры келип, Мунар өзү кандай уятсыз болсо мен дагы ошондой болууну чечип, эч кимге айтпай Мунар жашаган батирге барып алдым. Мунар жумуштан келип таң калып калды.

— Сен ойлонуп кылып жатасыңбы?

— Ооба, мен закон астындагы, ак никедеги күйөөмдүн үйүнө келдим. Куусан дагы кетпейм, кыз сеники бизди багасын. Сен ачка калсаң биз дагы ачка олтура беребиз. Эч кандай Турцияга барбайм, ажырашпайм дагы. Жок, жашабайм, макул эмесмин, кетсин десең кызындан баш тарткан кагаздарга кол коюп бер. Ал дагы болбойт деп, баатирди, бизди таштап кетчү болсоң деконатка барып даттанам. Миңдеген балага сабак берип, үлгү болгон агай үй-бүлөсүн көчөгө таштап кетти дейм. Апам менен сен ушундай ардактаган дипломун жөн гана кагазга айланат. Деконаттан пайда чыкпаса андан өйдө жака барам, андан да өйдө жактарга барам. Кагаз менен коркутуу менин дагы колумдан келет. Иштебейм, кызым качан гана өз алдынча чоңоюп калганча такыр ишенбейм. Кызымды карайм, чоңойтом. Сага окшош атасы бар экенине кызым күнөлүү эмес. Эми баргын дагы билген намазыңды оку уктуңбу. Кол көтөрүп көр, көк аланы доктурга көрсөтүп, сенин кызыл камчы экениңди кошо даттанам.

— От менен ойнобо Элмира. Мен сени түп тамырын менен жок кылып салам. Сени Аруужанды таштаганы келди экен десем

— Өлтүр, колуңдан келсе өлтүр. Кызың жетимдер үйүндө өзүң түрмөдө каласың. Интелегент кантип түрмөдө олтурсун туурабы?

— Мен сенин тезегинди курутам, ушинтип келип мени коркутан үчүн өкүнөсүң али байкушум.

Ошол күнү бир топ айтышып уруштук. Андан кийин сыртка чыгып кетти. Тезегинди курутам дегени ачкадан өлөсүң дегени го.

Баягы эле эне да баласына күйүп жанган. Эртеси таң атпай Университетке мени издеп барыптыр. Элдин көзүнчө тополоң салган экен, Мунар үйгө ээрчитип барыптыр.

— Элмира эмне кылганың? Кызыңды тартып алат деп бул эр сөрөй ээрин менен кайра жашаган калдыңбы?

— Жок апа. Өзүнө окшоп мен дагы адебин берем. Үйдөн кууп чыксаң жумушуңа барып даттанам, иштен айрыласын дедим. Эгер кол көтөрсө, көк аланы кагазга түшүрүп, милиция ээрчитип өйдө жака чейин барам. Иштегени барбайм, кызымды таштабайм, бизди багасын дедим.

— Өлтүрүп салбайбы койкууй.

— Өлтүрө албайт, эгер өлүп калсам Мунардан көргүлө деп кат таштадым. Кызың жетимдер үйүндө, сен түрмөдө каласың дедим апа. Көрөйүн колунан эмне келет экен. Бул өзүн каттуу сүйгөн неме, мен үчүн түрмөгө түшүүнү каалабайт. Мектепти эле бүттү билимсиз деп жатканы да, мен ага көрсөтөм. Өзүмө жетээр эсим бар апа, мен үчүн кыжаалат болбо. Кызымды чоңойтуп алайын жумушка кирем. Силерге да жардам берем. Тиги менден пайда чыкпайт экенин түшүнгөндө өзү куйругун түйүп, кызына карабай качат. Көрөсүз го апа.

— Эми ушуга көз каранды болгуча үйдө эле болсоң болмок. Кайсы кара эшек тепти экен э сенин бешенеге. Мейли кызым, бул жолун дагы көр. Эгер такыр болбосо үйгө баса бер. Эч нерседен коркпо, мен ар дайым жаныңдамын.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE