Пример HTML-страницы

Москва районунда жол эрежесин бузган электромобилдин айдоочуларына 14 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-апрелде Чүй облусунун Москва районунда жол тескөөчүлөр тарабынан жүргүзүлгөн рейдде 14 электромобилдин айдоочусунун ар бирине 1 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Райондо жол эрежелеринин сакталышы, коопсуздукту камсыздоо боюнча кезектеги рейд өтүп жатат. Анда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайда жана Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда жол эрежесин одоно бузган электромобилдин айдоочуларынын ар бирине миң сомдон айып пул салынды.

«Жалпы айдоочуларды жол эрежелерин, коопсуздукту сактоого чакырабыз жана күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө иштери улантылып жатканын эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE