Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 17-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 17-БОЛУМ

Ошентип, алар эң бактылуу жашап жатышты.

 

Күн салкындап, жалбырактар аздап күбүлүп түшүп, чөптөр саргайып, жер үстү жүдөңкү тарта баштады. Баягы эле Авас жеңесине кыздарына нааразылыгын айтып жатты. Кыздар менен таанышканда эле алар каяктансың дешет экен. Эли-жериме кызыккан кыйын болсоң таап ал дегенсип мен да: Саруу уруусунанмын. Саруудан Көнөк баатыр. Көнөктөн Кырк уул, Тубай, Төңтөрт, Тогунай, Томолок, Жамаке. Алардан баланча, анан түкүнчө деп токтобой атам айтып берген уруубуздун санжырасын айтып кирсем, байкуштар унчукпай калат деп эрдемсинет. Балээсине түбүн билеби. Азыркы куудулдардан уккан: өпкөсү жок, сарт, тоок соёт, тултуйган тоолук, арак менен ашлямфусун айтып, иргеп сөзгө жыгамын дешкени го. Токтобой кайра өзүнүн мээсин чагып салам дейт Авас кудуңдап..

 

— Ушу сен оозуңан кыздар түшпөй, сот баладан биринчи үйлөнбөсөң болду.— дейт Мая тамашага чала.

 

— Апам мага чоң таянеңдин төркүндөрү тектүү, жакшы адамдар. Ошолор менен кайра сөөк жаңыртып, сага ошолордон кыз алып берсек деген болучу. Таза урууну таза кармаш керек дейт. Аларды анча-мынча билем. Сулуу, акылдуу, жакшы кишилер. Бирок кызын көрө элекмин. Досуң өзүңөн деңгээли төмөн болсо, төмөндөйсүң. Сени менен тең болсо, ортодон жылбайсың. Жогору болсо, жогорулайсың деп айткан, апам. Аял деле ошондой чыгаар. Атамдын үйүндө кала турган болгондон кийин апамдарга жакканын алам. Бирок жеңе сиз дедовшина болбоңуз ээ, ага.— Аваз оозун чормойто суроолуу карады.

 

— Болом. Сендеги өчүмдүн баарын аялыңдан алам. Жаңы келгенде досторуңа чейин кайынагаң деп мени жүгүнткөнүңдү унута элекмин,— деп күлөбагып, сыдырым соккон желге карай жоолугун оңдоп салынды.

 

Кайыната өзүнчө мурдагыдай үнүн катуу чыгарып сүйлөбөй, кээде ачуусун чыгара албай, кемпири жокто тамакты тоё иче албай, мурдагыдай достору менен аракты көп ичкенден келининен сактанат. Кайынене болсо баарын аңдый карайт. Бирде келиниңе уят болбо деп абышкасын тыйса, бирде эки баласын жардамдашып турбайсыңар деп урушат, кайра келининен балдарыма да карап, сырдашып, туура эмес иштерде жүрбөсүн сөздөрүнөн байкап жүр дейт. Үй тирилигин Мая толугу менен өз мойнуна алып, түйшүктөн кайненеси арылып калды. Айсулуу төркүнүнө көп келбейт. Ал Маянын чын ыкластан меймандап, ак пейили менен сыйлаганынан, тызылдай чуркап ал кеткенче көзүн карап, жалтактап, жалаң ага көңүл бөлгөнүнөн Айсулуу эмнегедир өзүн ыңгайсыз сезип, эртерээк кеткенче шашат.

 

Айсулуунун себин үйүнө алып барып беришти. Эки шырдак, эки алакийиз, ичине жүн салып, алты жер төшөк, алты сыйра жууркан төшөк, көшөгөсү, сандыгы, идиши, кийими, килемин бүт үйүнө жеткизишти. Мыскалдар да аларды жакшы сыйлап, атасына ат, апасына уй энчилеп, жакшы кийит менен жөнөтүштү.

 

Нуртайга жер тамды өз күчтөрү менен салып башташты. Макмал кызы да алортодо Турциядан келип кетти.

 

Күз келип, той-аштар биринин артынан бири болуп жатты.

 

Мая кайненесин кээде ал жакка ээрчип калат.

 

— Мейли, жүрү! Апамдын чачпагын көтөрүшүп келдим деп коесуң да,— деп коёт кайыненеси. Кафедеги той бүткөнчө апасынын жанына улам-улам келип, үшүгөн жоксузбу?Тышка чыгасызбы? Чермейиңизди алып келейинби? Ден-соолугуңуз жакшы элеби? деп чын ыкласынан сурап кетип кайыненесинин кадыр-баркын эл көзүнө көтөрүп турду.

 

— Кызыңбы? – дешсе тааныбагандар.

 

— Жок, келиним. Өмүрүн берсин, ушинтип баарына үлгүрөт,— деп, жанында олтургандарга мактанып калат.

 

Арадан бир жыл өтүп Мая эркек төрөдү. Баары кубанып, эки кой союп той беришти. Карын бузуп, май томуруп, наристени май менен оозантышты. Жентектеп келген байбичелерге чүйлүү тамактарды коюп, көйнөк-жоолук салып батасын алышты. Бактылуу күндөр өтүп жатты.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE