Пример HTML-страницы

Гулия Жапакова кыялындагы кесипке ээ болуп иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Покровка айылынын 37 жаштагы тургуну Гулия Жапакова математик мугалим болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач жогорку окуу жайды аяктаганда Бишкек шаарындагы мектептердин биринде иштеп жүргөн. Ал эми Покровка айылындагы мектепте 12 жылдан бери иштеп келет.

«Ушул мектепте 11 жыл билим алып, окуумду ийгиликтүү аяктап, кызыл аттестаттын ээси болгом. ЖРТ тапшырып, жогорку балл алгам. Башка кесипти тандоону ойлонбостон, максат койгон мугалимдик кесипти тандадым. Математика сабагын жакшы көрүп, 2005-жылы Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетине бюджеттин негизинде тапшырып, 2010-жылы ийгиликтүү аяктадым.

Мугалимдик иш — түйшүктү, аны менен катар эле сыймыктуу иш. Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуш жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырган — бул мугалим. Бала кезимден эле мугалимдик кесипти туу тутчумун. Анткени караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган мугалим. Балдар менен иштеген, балдарга билим берген, алар менен сүйлөшүп, ар биринин оюн уккан меники экенин билип, мугалим болууну кааладым. Иштеп баштаганымдан бери балдар менен иштөөдө түшүнбөстүктөргө учураган жокмун. Анткени ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле жасоо, түшүндүрүп айтуу, баарлашуу керек. Балдардын жан дүйнөсү таза, балдар бар жердин аурасы да таза болот. Көздөрүнөн эле байкайсың, баланын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын. Жашоосунда кубанычы болсо, кошо кубанып, кайгысы болсо, кошо кайгырып көңүлүм чөгөт.

Өз ишин сүйгөн мугалим болгондо гана билимдүү, тарбиялуу, эркин ойлоно алган окуучулар чыгат деп ойлойм», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле классташына турмушка чыкканын кошумчалады.

«Өзүмдүн айылыма эле келин болгом. Университетте 4-курста окуп жүргөндө практикамды айылдагы мектепте өтүп жаттым. Ошондо турмушка чыктым. Ошол учурда билбейм эмне болуп, мен практикант болчумун, милицияга «мектеп окуучусу турмушка чыгып кетиптир» деп кабар жетиптир. Эртеси мени жашы жете элек экен деп текшерип келишкен эле (күлүп). Эртеси күнү мектепке кайра баргандан уялып, аргасыз баргам. Анан эжекелерим угуп алып абдан күлүшкөн болчу.

Алгач кайнилериме сабак берип калдым. Сабакта улам жеңе деп алышып, кайра эже деп айтып калышчу.

Жолдошум Абен уулу Азимбек экөөбүздүн баш кошконубузга 15 жыл болду. Экөөбүз Покровка жалпы билим берүүчү орто мектебинде 11 жыл бир класста окуп, 2005-жылы мектепти аяктаганбыз. 4-курсту аяктап жатканда баш кошконбуз. Жолдошум жогорку билимдүү, мамлекеттик кызматкер. Мугалимдик кесиптин оор экенин түшүнүп, мени ар дайым колдойт. 1 уул, 2 кызыбыз бар. Уул-кыздарыбыздын жакшы тарбия алуусуна, билим алуусуна жолдошум экөөбүз тең көп көңүл бурабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE