Пример HTML-страницы

Ош облусунун аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселеси талкууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 12-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары — облустук эвакуациялоо комиссиясынын төрагасы Талантбек Арстанкулов төрагалык кылды. Анда облустун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана облустун аймагындагы кооптуу участоктордо жашап жаткан жарандарды коопсуз участокторго көчүрүп чыгаруу жана 2024-жылга карата көчүрүү комиссиясына тапшырмалар берилди.

Жыйынга облустук көчүрүү комиссиясынын орун басарлары жана мүчөлөрү, райондук көчүрүү комиссияларынын төрагалары, облустук жарандык коргонуунун башчыларынын орун басарлары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын күн тартибиндеги маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары — облустук көчүрүү комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.С.Исмаилов баяндоо жасап, Ош облусунун жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык планына ылайык облустун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу жана эвакуациялык чараларды уюштуруу милдеттерин аткарууну белгиледи.

Ошондой эле өкмөттүн 2019-жылдын 13-майындагы «Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартиби» токтомуна ылайык, облустун аймагында өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана келип чыккан учурда коопсуз райондорго калкты эвакуациялоону жана көчүрүүнү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо маселелерин чечүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү бийликтердин жана менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын милдеттерине кирерин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдердин орун басарлары — райондук күчүрүү комиссияларынын төрагалары өз аймактарында бул багытта аткарылган иш-чаралар боюнча баяндама жасашты жана жыйындын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Жыйындын жыйынтыгы менен 2024-жылга карата эвакуация иш-чараларын ар тараптуу уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Муну менен бирге Ош облусунун жарандык коргонуунун 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарууда жарандык коргонуу жаатында активдүү иш алып барган кызматкерлерге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE