Пример HTML-страницы

Баткенде комиссия түзүлүп, абаны булгаган мекемелерге айып пул салынып жатат (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарындагы мектептерде жана ишканаларда от казандар мыйзамда бекитилген экологиялык талаптар сакталбайт. Бул тууралуу Баткен облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрүн аныктоо жана азайтуу боюнча атайын комиссиянын текшерүү учурунда аныкталды.

Маалым болгондой, Баткен шаарындагы от казандар текшерилип, чаң, газ тазалоочу орнотмолору жок ишканаларага эскертүүлөр берилди. Ошондой эле шаардын таштанды таштоочу аянты каралып, талаптар сакталбагандыктан тийиштүү кызматтарга айып пул салынды.

Алгач эле шаардагы №3 мектептин от казаны текшерилип, фильтрсиз иштеп жатканы белгилүү болду. Бул мектепте жыл сайын кыш мезгилинде 100 тоннага чейин көмүр жагылып, күнүнө 1 тонна көмүр керектелет.

Адистердин айтымында, мында тоннасынан 200 килограммга чейин зыяндуу заттар абаны булгап турат. Бирок буга чейин фильтр орнотуу керектиги тууралуу мектеп жетекчилигине эскертүүлөр берилген эмес.

«Бизде буга чейин мындай талаптар коюлган эмес. Эгерде айтылганда тийиштүү чараларды карамакпыз. Бирок азыр фильтр коюу керектигин угуп жатам. Биз алдыда тендер жарыялайбызбы же шаардык билим берүүгө кайрылыппы бул талаптарды аткарганы аракет кылабыз. Бизге бир кышка 100 тонна көмүр керектелет. Быйыл 112 тонна көмүр түшкөн. Жылда эле 15 тоннадай артып калат. Себеби аба ырайына байланыштуу болот», — деди №3 мектептин директору Ильва Сатыбалдыева.

Мындан сырткары атайын түзүлгөн облустук комиссия Баткен облустук үй-бүлөлүк медициналык борборун текшерүүгө алып, талаптар каралбаганы айтылды. Абанын булгануусуна таасирин тийгизген мамлекеттик ишканалар текшерилип, шаардын таштанды таштоочу аянты да каралды. Текшерүү учурунда аталган аймак жободо көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербегени аныкталып, таштанды талаасында өрттөлгөн таштандылар жатканы такталды. Бул абанын булгануусуна ачык факты катары каралып, экология кызматы тарабынан «Баткен тазалык» ишканасына 28 миң сом айып пул салынды.

«Баткен шаарында жалпы 9 от казан жана 18 коомдук мончо бар. Бүгүн айрым мектеп, медициналык борборлордо текшерүү жүргүздүк. Тилекке каршы аталган ишканалардагы от казандарда газ, чаң тазалоочу орнотмолор жок болуп чыкты. Бул ишканалар жылытуу мезгилинде жок эле дегенде күнүнө 2 тоннага чейин көмүр жагышат. Мындан 200 килограмдан ашуун аба булгоочу заттарды чыгарылат. Бул ошол имараттын айланасындагы жашоочуларга жана мектеп окуучуларынын ден соолугуна зыянын тийгизет. Өпкө ооруларын пайда кылат. Биз белгилүү мөөнөткө чейин фильтр орнотуу боюнча эскертүү бердик.

Мындан сырткары шаардын таштанды таштоочу жайына келдик. Бул жерде ачык эле таштандылар күйүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам тиешелүү кызматка 28 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Таштанды таштоочу аянттарда талаптар сакталган эмес. Бул жерге жакын жашаган жашоочулардын ден соолугуна зыянын тийгизет», — деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдумалик уулу Чыңгызбек.

Түзүлгөн комиссия 1 жума аралыгында облустагы башка район, шаарларда мамлекеттик ишканаларды текшерип чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE