Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 15-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 15-БОЛУМ

Өгүнү Айсулуу күйөөсүнүн телефонунан чалган экен Кемелди сурап, келиним ала коюп “сен кимсиң айт, анан чакырам”— дептир. Мунусу да жумушунан келе коюп эле, босогону аттары менен апа Мая кана дейт. Анысын мен бир бекитип койгонсуп. Апа ден соолугуң кандай десе сүйүнбөймбү? Анысы да жумуштан күйөөсү сааты менен келсе деле чыдабай, он жолу утурлай көчөнү карап келет. Кошуналардан да уялат экенсиң. Кичинекей балдардан айырмасы жок. Мен мындай кезимде эримди тик карагандан ыйбаа кылчу элем, ал учурда ыйман бар экен да деп ойлонуп баратты.

 

— Балам, келинчегиңди тарбиялайбыз деп көңүлүн чөгөрүп алып жүрбөйлү. Анын көңүлүн улап базарга алып барып кийим алып берсеңчи. Сырттан окутуп койсок кандай дейсиң? Ал, бул үйдө сен деп жүрөт. Түшүнгүн. Куранда жазылгандай аял эркектин кабыргасынан жаралган. Эгер аны түздөйм десең байкабай сындырып аласың. Анын анча мынчасын үйрөтсөң, кээ бир кыялдарына көнүшкө да туура келет. Балам, кылдан кыйкым таап, майда барат кемчиликтерге маани берип олтурбастан таттуу өмүр сүргүлө. Ар кимиң өз милдеттериңерди жакшы, так аткарбай бирин бири сыйлабаса, ортодо ынтымак жок болсо мээр, махабат жок болуп, уруш-талаш күчөп, чымындай кемчилиги төөдөй болуп көрүнө берет. Бир күнү урушкан үй-бүлөдө үйүнөн кырк күн береке качат экен. Элдин көзүнчө аялына корсоңдоп, анан кайра аялына эл жокто эки күн кечке жалынып-жалбарып өз кадыр-баркын кетиргендер да бар. Ошолорго таң калам, ошол эмне, зарылбы?

 

— Апа, бизди көп аңдып, коркпой эле кой. Мен Маяны жакшы көрөм, жөн эле ойноп, коркутуп жатам. Тигине аның уй сааганы кетти. Бар апа, эртерээк барбасаң уйуң тээп салбасын. Анын мага жазган катын анан бошогондо окусаң. Бирок бул жашыруун сыр,— деп апасынын сөздөрү өзү жакка ыргытылып жатканына тынчсызданып, уялганынан апасына катты кантип берип койгонун да билбей калды.

 

— Билсе билбесе деле, мен кылам апа, олтура бер деп эле жулуна берет, байкушум. Өгүнү эле сол тарабынан саайын деп олтурганда чакасын ыргыта тээптир эле. Жалкыбайт экен,— деп Алымкан келининин артынан сүйлөнө жөнөдү.

 

Келини болсо желинин жууп, өчөйүп олтуруп алып саап жатат. Желини катуу, каруусу келбей, уй да жакшы ийибей койду. Чымын чиркейден корунуп, куйругу менен чапкылап жатып, байкуштун жоолугун да булгап салыптыр, өлгүр десе. Анда да болбойт. Күнүгө апасына көргөзбөй ушинтип эптеп саайт.

 

— Ии кагылайын, уйду саап койдуңбу? Тим эле койсоң өзүм саайт элем. Минтип болгон жумушумдун баарын алып койсоң зеригип кетем го,— деп күлүп, келининин көңүлүн жубатып коюп, ал башка жумушка алаксыганда кайра уйуна келип, шыпкай бир саап кетет. Уй да буга чейин бир кол саап жүрүп, башкага ийибей койгон бир шүмшүк. Желини ооруп калат, анүстүнө эрте байып кетпесин дегени да. Маяга уй көнгөнчө ошентип экөө бири-биринен жашырынып саап жүрүштү. Мал ээсин тартпаса арам өлөт дегендей сенин уйуң да өзүңдү тартып киши тандайт деп күйөөсү тамашалагандай эле бар. Ошол уйу үчүн конокко барып да конуп кала алчу эмес.

 

Колун жууп эле Алымкан төркү бөлмөгө кирип кетти. Күн үрөң-бараң болуп калган. Ууру иш кылгандай эмнегедир колдору калчылдайт. Эшикти да ичинен илип алып, шекшип калышабы деп кайра ачып келди. Светти күйгүзүп, диванга гезит окуп жаткансып, гезиттин ичине катты ачып, муун-муунга бөлүп, колуна түшүнбөй эжелеп окуй баштады.

 

“Деңиздей сүйүүмдү сезсеңчи жаным. Мен сенин назик караган келбетиңди, эркелеткен сөздөрүңдү жоготуп алдым. Ал күндөрүм кайрадан кайрылып келишин мүнөт, секунд сайын кудайдан сурануудамын. Колуман келсе бүт дүйнөнү сага тартуулаар элем. Сага жолуккан, сен жылмайып мени тигиле карап турган күн менин эң алгачкы кубанычым эле. Бул жашоо мага сенин махабатың үчүн гана кымбат болсо керек. Эгер сүйбөсөң кыйналба жаным. Мен сүйгөн адамымдын эч качан кайгырышын каалабаймын. Сага ыраазымын, кечир, сүйүүгө мас, чоркок, өзүмчүл, сүйүүнүн өртүнө өрттөнүп бараткан бир адамды. Эгер сүйсөң миң тозокко салсаң да чыдайм, жаным. Сүйбөсөң жүрөгүмдү алаканыңа сууруп берип, жер кезип кете берем, кете берем. Бирок, сен мени өлөт экен деп сарсанаа болбо, жаным. Себеби менде сенин белегиң бар.”

 

Алымкан апа катты коюнуна беките салып, эмелеки келинине боору ооруп, жүрөгү эзиле ыйлап жатканын унуткансып, эшикте жүргөн баласына чала-була кепичти бутуна илип, жүгүрдү.

 

Кемел апасын көрүп чочулай ага утурлай келатты.

 

— Эмне болду апа, тынччылыкпы? — деп көзүнүн жашын сүртө сүйлөп да, ыйлап да, келаткан апасынан көзүн албайт.

 

— Атаңдын башы болду! — деп, ал коюнундагы катты колуна кармата коюп:— Кат! Бекит! Мунуңду,— деп баласын жонго эки муштап алды.— Кош бойлуу келинди ыйлатасың ээ! Мына сага! Дагыбы?! Мына!— деп жонго койгулап, колунун булчуң этинен ачуу чымчып алды.

 

Кемел апасынын жонго койгулаганын түшүнбөй далдырап турган. Бир убакта эсине келген кишидей:

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE