Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 25-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында укук коргоо органдарынын Ош горнизонунун саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты 28-апрелде Ош шаарында өтө турган бир мандаттуу №7 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат шайлоого даярдык учурунда жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоодо, милиция кызматкерлеринин даярдыгын, кызматтык формаларынын талапка ылайык болушун текшерүү, мыйзамдардын, буйрук-көрсөтмөлөрдү өздүк курамга жеткирүү жана өздүк курамга кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаруу боюнча нускамаларды жеткирүү болуп саналат.

Иш-чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Акылбек Бекишовдун жетекчилиги менен өткөрүлдү. Ал өздүк курамга кандайдыр бир укук-мыйзам бузууларга, провокациялык аракеттерге жол бербөөнү тапшырды.

«Ош горнизонунун өздүк курамы шайлоо өнөктүгү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйбүз. Бул күндөрү коомдук кызмат учурунда мйзамдуулукту сактоого, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоого өзгөчө көңүл бургула. Мыйзам бузган же аракет жасаган жарандарга мыйзам чегинде токтоосуз чара көрүү керек», — деди Бекишов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде 2024-жылдын 26-апрелинен баштап жогорулатылган кызмат өтөө тартибине өткөрүлөт. Жогорулатылган кызмат өтөө тартибине өтүүнүн негизги максаты шайлоо алдында жана шайлоо күнү жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти көзөмөлдөө болуп саналат.

Шайлоо Ош шаарынын №55 шайлоо тилкесинде өткөрүлөт. Саптык кароо учурунда бул шайлоо тилкелерине кызматкерлер бөлүштүрүлүп, кошумча нускамалар берилди. Андан сырткары ар бир милиция бөлүмдөрүндө ыкчам тергөө топтору, документтештирүү топтору, резервдик күчтөр уюштурулган. Жергиликтүү бийлик органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу башкармалыгы менен биргеликте шайлоо тилкелериндеги коопсуздук чараларынын талаптагыдай болуусу текшерилип жатат.

Бир мандаттуу 3 округдан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-апрель күнү өтөт. Ага жалпы 30 талапкер кытышат.

Талапкерлер:

— Баткен округу боюнча — 10 талапкер;

— Ош округу боюнча — 13 талапкер;

— Кара-Суу округу боюнча — 7 талапкер катталган.

Добуш берүү 28-апрелде саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE