Пример HTML-страницы

Фермер У.Атабаев талаага жайган койлорун заманбап технологиялар менен кайтарууда. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы Кара-Суу өрөөнүндө жашаган фермер Улан Атабаев «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду дрон жана электромотоциклдин жардамы менен кайтарууда.

«Азыр заманга жараша фермерлер өздөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп алды. Мисалы, көпчүлүк фермерлер талаага жайылган койлорду кайтаруу үчүн дронду кошо алып алышат. Мындан тышкары, электромотоцикл да аябай жеңилдик кылат. Электромоциклди айдап, дронду учуруп, койлордун үстүнөн көз жүгүртүп коебуз. Койлорду башка жакка айдаш керек болсо, алардын багытын дрон менен бурабыз. Алар тик жана бийик беттерге жайылып кетсе, ал жактан койлорду түшүрүп келүү бир топ түйшүктүү болчу. Анан дагы жоголгон койлорду дрон менен оңой табабыз.

Бир жерде отуруп эле кокту-колот, жер-суунун баарын үстүнөн карап чыгабыз. Кечинде буттарыбыз чарчап калчу. Азыр дрондун жардамы менен фермерлер көп ишке жетишип жатат. Албетте, эч кандай техникасы жок эле кара күч менен оокат кылсак болот. Бирок, азыр убакыт тар. Бардык нерсеге жетишүү кыйын болуп калды. Биз кой кайтаруу менен гана чектелбейбиз да. Короодо мындан бөлөк толгон-токой жумуштар бар. Аларды дагы жасап үлгүрүшүбүз керек», — деди ал.

32 жаштагы Улан Атабаев бир тууганы менен атасынан калган 300 койду улап, асыл тукум мал чарбага айландырышкан.

Улан Атабаевдин айтымында, чоӊ атасы дагы мал баккан.

«Биз иним Нурлан Атабаев экөөбүз атабыздан калган малды асылдандырып келе жатабыз. Чоӊ атам СССР мезгилинде чабан болуп, өмүр бою мал баккан. Ал эми атам гиссар койлорду баккан. Биз кичинекейибизден эле кой багып өскөнбүз. Атабыздан калган 300 тубар кой жана 4 кочкор бар болчу. Азыр деле саны ошондой, бирок сапаты мурункуга караганда жогору.

Ал эми бул «Арашан» породасына 2015-жылдан баштап өттүк. Ошондон бери койду асылдандыруу боюнча көп иштерди жасап баштадык. Ал кезде чоӊ кочкорлорду 1 жаш кезинде 50-90 миӊ сомдон алганбыз», — деди ал.

Жаш фермер чарбасындагы 6 айлык козуларын 30 миӊ сомдон сатат.

«Биздин чарбадагы мыкты кочкорлордун бою 95-98 сантиметрге чейин барат. Жайыл районунда өткөн көргөзмөдө бир кочкордун салмагы 184 кг болду. Кулактары 20-22 см. Аларды куутка коштук. Баалап сата элекпиз, «Тафгай», «Маэстро» деген кочкорлор. Дагы бир кара кочкор бар. Каймана аталашы «Флойд». Мунун энеси «Арашан» болсо, атасы Афган породасындагы кочкор. Аны кара түстөгү ургаачы койлорго кошконбуз. Ал эми тубар койлордун мыктыларынын бойлору 80 сантиметрден 90 сантиметрге чейин. Кулактары 17-20 см. Төрт жарым айлык кочкорду таразага салсак, тирүү салмагы 65 кг чыкты.

Баасы ар кандай, 6 айлык кочкорлорду 30 миӊ сомдон саттык. Чоң кочкордун 2 айлык козулары 19 миӊ сомдон сатылды. Баасын элге жеткиликтүү эле сурайбыз. Өтө кымбат айтпайбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE