Пример HTML-страницы

ОшТУга келген профессор студенттерге «Манас» эпосундагы улуттук баалуулуктар тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан конок лекция өткөрүлдү.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Бактыгүл Темирова ОшТУнун студенттерине «Манас» эпосундагы улуттук баалуулуктар» деген темада лекция окуду. Лекцияда «Манас» эпосундагы түпкү мүдөө-максаттар, улуттук-мамлекеттик идеологиялар жана улуттук баалуулуктар жөнүндө маалыматтар берилди.

Иш-чарага студенттер жана мамлекеттик тил кафедрасынын жалпы жамааты катышты. Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы А.Т.Саттарова Бактыгүл Темировага лекция өтүп бергендиги үчүн ыраазчылык билдирип, ыраазычылык катын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE