Пример HTML-страницы

ОшТУдагы студенттерге коопсуз миграция тууралуу айтып беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинде студенттерге коопсуз миграция тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын миграциялык ресурстук борборунун адистери келип, миграциялык ресурстук борборунун ишмердүүлүгү жана студенттердин коопсуз миграция боюнча борбордон консультация алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан миграция маселеси, көйгөйлөрү аларды чечүүнүн жолдору талкууга алынды. Катышуучулардын ортосунда да кеңири маалымат алмашуулар болуп, сунуштар, ой-пикирлер айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE