Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарындагы «Жеңиш» стеласынын аймагын жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushУлуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын утурлай Кара-Балта шаарында «Жеңиш» стеласынын жанындагы аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке орусиялык мекендештер жана жаштар, шаардагы ишканалардын, мектептердин, муниципалдык ишканалардын эмгек жамааттары, кайрымдуу жарандар чыгышты. Бак-дарактарды отургузуп, сөңгөктөрүн, чек араларын акташты.

Жалпысынан 300 түп көчөт отургузулду, анын ичинен мацуда талы — 50 түп, каштан — 50 түп, ыйлаак тал — 100 түп, карагай — 100 түп.

Жаңы отургузулган көчөттөрдү сугарууну «Универсал» муниципалдык ишканасы өз мойнуна алды.

Кара-Балта шаарындагы «Жеңиш» стеласы — Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон мекендештердин эстелиги Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Ал 1967-жылы тургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE