Пример HTML-страницы

ОшТУга келген блогер студенттерге биргеликте блог алып барууну сунуштады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-апрелде Ош технологиялык университетинде социалдык тармакты позитивдүү, пайдалуу колдонуу боюнча талкуу уюштурулду.

Жолугушууга филология илимдеринин кандидаты, белгилүү теле журналист Нуркыз Кадырбек кызы, таанымал актриса, блогер, ОшТУнун бүтүрүүчүсү Динара Багышбаева чакырылып, жандуу талкуу форматында өттү.

Актриса Динара Багышбаева окуу жайдын изденген студенттери менен биргелешкен видео блог алып барууга чакырды. Демилге жаштар тарабынан кызуу колдоо тапты.

Нуркыз Кадырбек кызы: «Мен мамлекеттик кызматта жүргөн адам катары бир нерсеге ынанам — биздин мамлекетибиздин экономикалык ийгилиги жогорку билимдүү технолог, инженер, экономист, конструктор, энергетиктерге байлыныштуу. Андай адистер дал ушул Ош технологиялык университетинде даярдалат», — деди.

Демилгелүү студенттер, билимдүү адистер катышкан жолугушууда социалдык тармактарды билим чөйрөсүн калыптандыруу, адеп-ыйманды ойготуу, ынтымакка чакыруу жана, жагымдуу киреше табуу тармагына колдонуу боюнча сунуштар айтылып, долбоорлор сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE