Пример HTML-страницы

Ак-суулук жаш ойлоп табуучулар республикалык олимпиададан ийгиликтүү кайтышты

Акыркы жанылыктар

Turmush20-21-апрель күндөрү өлкөдө робототехника багыты боюнча республикалык олимпиада уюштурулду.

Ага Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борборунун тарбиялануучулары да катышты. Жыйынтыгында 3-орунду багындырганын аталган окуу жайдын мугалими Туратбек Иманбеков билдирди.

Олимпиадага Бишкек шаары, Нарын жана Ысык-Көл облусунан 15 команда катышып, 4 багыт боюнча жаш ойлоп табуучулар күч сынашты.

Ак-Суу районунун балдар билим борборунан барган Рахим Сматов менен Даниэл Макаев робосуммо жана робофутбол номинациясы боюнча 3-орунду багындырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE