Пример HTML-страницы

Тогуз-Тородо 70 сотых жерге таштанды полигонун куруу пландалып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТогуз-Торо районунда таштанды полигону курулат. Бул тууралуу аким Манас Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта жаңы полигондун жер маселеси чечилип жатат. Алдыңкы күндөрү долбоору түзүлүп, каржы маселелери каралат.

«Райондогу таштанды полигону Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолдун боюнда жайгашкан. Тилекке каршы шамал болгон учурда таштандылар учуп, айлана-чөйрөгө зыянын тийгизет. Сөз болуп жаткан унаа жол ишке берилсе районго келген конокторго ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Мындан улам сөз болуп жаткан таштанды таштоочу жайды Каргалык айыл аймагынын Тагай участкасына көчүрүүнү пландап жатабыз. Ушул тапта тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилип, уруксат кагаздары чогултулуп жатат. Жаңы полигондун пландалган аянты 70 сотыхты түзөт. Алдыңкы күндөрү анын долбоору даярдалып, сметасы түзүлгөн соң каржылоо жагын издештиребиз», — деди аким.

27 миң 788 калк жашаган райондун борборунан күнүнө 4-5 тонна таштанды чыгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE