Пример HTML-страницы

ОшТУдагы жана Кытайдан келген студенттер Сулайман-Тоодо илимий изилдөө жүргүзүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин өкүлдөрү окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде расмий иш сапар менен келди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

Кытай Эл Республикасынан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Ж. Мамытов кабыл алып, аларга окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында аталган окуу жайдын студенттери ОшТУнун студенттери менен биргеликте 5 топко бөлүнүп, атайын бекитилген программа боюча илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Биринчилерден болуп Сулайман-Тоонун айланасында изилдөө иштерин башташты. Мындан сырткары Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин реконструкциялык эскиздик долбоолорунун үстүнөн иштеп жатышат.

ОшТУ менен Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин ортосунда «Бир алкак — бир жол» эл аралык программасынын алкагында «Жашыл имарат» темасы боюнча биргелешкен лаборатория түзүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE