Пример HTML-страницы

Гүлмира Сарбалаева пахта терүүдө планды ашыгы менен аткарып, Чыңгыз Айтматовдон китеп белекке алган

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Гүлмира Сарбалаева 38 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чыгармачылыгы жана жашоосу тууралуу айтып берди.

Гүлмира Сарбалаева 1966-жылы Ноокен районунун Сакалды айлында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы мугалим болгондуктан атасынын жолун жолдоп, 1982-жылы Жалал-Абад облусундагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык училищага 8-классты бүтүрүп тапшырган. Ал 1999-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырып, 2003-жылы мектепке чейинки жана башталгыч классынын мугалими бөлүмүн бүтүргөн.

Анын айтымында, алгачкы эмгек жолун 1985-жылы Ала-Бука районунун Көк-Серек айылында Бирлешкен орто мектебинде башталгыч классынын мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1988-жылы Кара-Көл шаарына келип, башталгыч класстын мугалими болуп Д.Шопоков атындагы орто мектебинде эмгек жолун уланткан. 1993-жылы Токтогул мектебине которулуп, башталгыч класстын мугалими, музей жетекчиси болуп иштеген. 1996-жылы ушул мектепте директордун орун басары болуп иштеп, 2003-жылы «Келечек» бала бакчасына директор болуп дайындалган.

Гүлмира айымдын айтымында, үй-бүлөсүндө ыр жазган адам жок.

«Бирок атам кыргыз тилчи жана адабиятчы мугалими кесибин аркалаган.1971-жылы үй-бүлөбүз Токтогул районуна көчүп келишкен. Атам райондук «Учкун» гезитинде редакторлук кызматты колго алган. Ага чейин Сакалдыда мектепте директор болуп иштеген. Атам деле ыр жазчу эмес. Сирен деген эжем ыр жазып, учурда көп ырлары чыгып, китептери басылып жатат. Мага ыр жазуу ошол эжемден жукса керек. Мектепте 5-класста окуп жүргөндө кичинеден кара сөз жана ыр жазып коёр элем. Ошол кездеги «Байчечекей» журналына бир-эки ырым, чакан аңгемелерим чыгып турган. 1988-жылы Кара-Көлгө келгенде ыр жазып жүргөн блокнотумду иштен жоготуп ийип, ошол бойдон ыр жазбай калдым. Ошентип бала бакчада иштеп жүрүп, 2014-жылы жолдошум өтүп кетип, кайра аз-аздан ыр жаза баштадым. Учурда 1 китептик ырларым чогулуп калды. Буйруса чыгарам деп жүрөм. Кээ бир ырларымды социалдык тармактагы жеке баракчама жарыялап турам», — деди ал.

Гүлмира Сарбалаева залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун колунан «Гүлсарат» китебин алган күнүн кубануу менен эскерет.

«1984-жыл, Базар-Коргон районунун Сейдикум деген жерине пахта тергени бардык. Ал жакка барганда студенттер менен жазуучу Ч.Айтматов жолугушуу өткөрүп калды. Анан пахтаны жакшы терет элем. Жазуучу келгенде 90 килограмм пахта терип, планды ашыгы менен аткарып, чогулушта мени аябай макташты. Кичинекей кыз элем. Агайым ортого чыгарып, Ч.Айтматов мага «Гүлсарат» деген китебин өз колу менен тапшырган. Биринчи бетине кол тамгасын коюп, каалоо-тилек жазып койгон экен. Ошол китепти педучилищаны бүтүп жатканда жатаканадан уурдатып ийгем. Өмүрүмдө эсте калаарлык эң сонун белек эле. Ал китеп менин чыгармачылыгыма күч берип, шык кошуп, ыр жазуума түрткү болду. Кыялданып, «Чыңгыз атама ыр жазам» деп ошондо ойлогон оюмду быйыл ишке ашырып, улуу жазуучунун урматына ыр жараттым.

Мен өзүмдү акынмын деп эсептебейм. Эргүү келгенде кагаз бетине сезимимдеги ыр саптарын чиймелеп коём. Ырды атайын даярданып же ыңгайлуу жерге отуруп жаза албайсың. Ыңгайсыз же болбосо шашылыш жүргөндө, сезим ыргактары келип, ыр жазылат. Чыныгы жан дүйнөдөн оргуп чыккан сөз берметтери чыныгы жүрөктөргө жетет. Эне баланы толготуп төрөгөндөй, акын да ырды жан дүйнөсү менен ак баракка жазат. Учурда эргүү келгенде ыр жазып, шаардагы поэзия кечелеринде окуп келем. Көбүнчө бизде адабий ийримдер шаардык китепканада өтүп турат.

Биздин шаардан чыккан жамактап ыр айткан акын, манасчы Салимбай Турсунбаев агабызга арналган китеп жакында жарыкка чыкты. Ал агабыз арабыздан эрте кетти. Көзү өтүп кетсе да, Кара-Көл элине сиңген эмгеги, замандаштарынын кулагында шаңшып сүйлөгөн, бир гана ошол адамга тиешелүү үнү калды. Аны өлкөнүн башка аймактарында да маданият кызматкерлери таанучу. Ошол китепке агайга арналган ырым басылып чыкты. Анда китепке мен жөнүндө акын анан мугалим деп жазып коюптур. Бирок өзүмдү акын деп эсептебейм.

2022-жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Ушул жылы айтылуу ырдын атасы, кыргыз поэзиясынын алп акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган «Аруу дүйнө» аталыштагы иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 7 облустан келген таланттуу, чымыны бар адамдар катышты. Буга чейин акындын 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн облустук иш-чарага катышып, 1-орунду ээлеп, дипломго ээ болгон элем. Ошентип республикалык масштабда уюшулган иш-чарага да катышып, «Аруу дүйнө» деп аталган ырымды жазып, көркөм окуп бердим. Бул иш-чара Бишкекте А.Осмонов атындагы китепканада уюштурулду.

Үч күн болду. Биринчи күнү акындын 100 жылдыгына арнап ыр чыгарып, жаздык. Экинчи күнү ошол ырларды көркөм окуп бердик. Үчүнчү күнү бизге Ысык-Көлгө жолдомо беришип, эс алып келдик. Иш-чарага катышкандан кийин жан дүйнөм эс алып, ыр жазууга дем, шык пайда болду. Эң негизгиси «Аруу дүйнө» клубуна мүчө болуп кирип, төш белгисин алдым», — деди ад.

Гүлмира айымдын эки уулу бар. Уулдарынын улуусу Иляз Төлөбаев Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

«Уулум менден да тетик, ырды жакшы жазат. Кичүү уулум башка тармакты тандаган. Буйруса басыла турган ыр китебиме чоң уулумдун ырларынан кошуп бастырсамбы деп турам. Алыкул Осмоновдун китебине улуу уулумдун ырлары да басылып чыккан», — деди Гүлмира Сарбалаева.

«Аруу дүйнө»

Айдын, күндүн алыс эмес арасы,

Актын дагы, болот туура карасы.

Ар пенденин көкүрөгүн агарткан,

«Аруу дүйнө» бир керемет, карачы.

Күлкүсү да болот туура, ыйыңдын.

Коркоору да болот экен, кыйындын,

Эки жүздүү адамдар да бар туура,

Эки бети болгон сыңар тыйындын.

Бирок андай мүнөздүүлөр жоголот,

Бетке айтсаң намысы бар оңолот.

Жакшыларды бөлүп турат жамандан,

Жер жаралган ошону үчүн тоголок.

Акмактар бар, аптапда да күйбөөчү,

Аруулар бар жарык болгон түндөсү.

Ай-ааламды кармап турган ордунда,

«Аруу дүйнө», аруулуктун дүйнөсү.

Ар нерсенин эки тарап, жагы бар,

Аруулук бар, түндүн атаар таңы бар.

Акындыктын чачкылачы шооласын,

«Аруу дүйнө» группадагы баарыңар.

Таң эртеде жарык болот караңгы,

Түз койгула түбөлүккө кадамды.

Ар бириңер курчуткула калемди,

«Аруу дүйнө» сактайт жерди, ааламды.

Көкүрөктө аныкталып кир жогу,

Кудай насип кылсын бизди бир болуу.

Ак кагазга ырлар аруу жазылсын,

«Аруу дүйнө» аруулуктун символу.

«Айтматовго»

Көргөн билээр, кандай болсо денгээлим,

Кылган ишке, бүт эркимди бергенмин.

Кимге кандай, бирок мага чоң сыймык,

Кыргыз деген, Чыңгызы бар элденмин.

Бергендерин кайра алат бу жалган,

Болот башта, болот туура бир арман.

Адам заттын басып өткөн тагдыры,

Айтматовдун жомогунан куралган.

Кээде мелүүн атпайт туура таң деле,

Көп күтпөдү Момун деген чал деле.

Тебетейин тик ыргытат Нургазы,

Тээ алыстан дагы келсе ак кеме.

Айтматовдун жазганындай жасалган,

Ар адамдын баскан жолу аңгеме.

Ашуу-аска, бороон-ызгаар бу аалам,

Асель, Ильяз ак сүйүүсү буурадан.

Махабат бул, Кызыл жоолук жалжалым,

Мен ушундай бир жыйынтык чыгарам.

Айтматовдун аңдап айткан сөзүндөй,

Ар пенденин ак сүйүүсү роман.

Бул да чындык «Тоолор кулайт», чачылат,

Бир көз ирмең, «Бир кылымды каарытат».

Акылына келбес өңдүү, Жоламан,

Акбараны көздөй октор атылат.

Дүйнө кезип жолго чыккан Жамийла,

Даниярга эми качан кабылат.

Чынгызым деп эгер айтсам, мен чынын,

Чыгармасы үчүн чексиз, кең сыйым.

Айтматовдун бир жөнөкөй, сөзүндөй,

Адам затка адам болуу эң кыйын.

Автор: Гүлмира Сарбалаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE