Пример HTML-страницы

Жайыл районунда мугалимдер арасында кароо-сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush24-апрель күнү Чүй облусунун Жайыл районунда «Жылдын мугалими — 2024» кароо-сынагынын финалы болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, анда жалпы 7 мугалим жана бала бакчанын тарбиячылары катышты.

Бул сынактын жаңы жобосуна ылайык, финалдын бир гана жеңүүчүсү аныкталып, гран-приге ээ болот. Калган катышуучулар номинациялар, ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Чыгармачылык жана интеллектуалдык тапшырмалардын жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими менен сыйлыктар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

— Гран-прини Сосновка айылындагы орто мектептин физика мугалими Аманкулова Мээрим Салморбековна алды;

— «Мыкты англис тили мугалими — 2024» номинациясына №1 орто мектебинин мугалими Карабаева Эркехан Турдуниязовна ээ болду;

— «Мыкты биология мугалими — 2024» номинациясына Ново-Николаевка айылындагы мектеп-гимназиянын мугалими Городнянская Елена Владимировна ээ болду;

— «Мыкты англис тили мугалими — 2024» номинациясына Суусамыр айылынын Бегимкулов атындагы орто мектебинин мугалими Асанкан кызы Жылдыз ээ болду;

— «Мыкты класс жетекчи — 2024» номинациясына Сосновка айлындагы орто мектебинин мугалими Насиридинова Говар Эсеналиевна ээ болду;

— «Мыкты тарбиячы — 2024» номинациясына «Нур Бешик» бала бакчасынан Качина Анна Владимировна жана «Алёнушка» бала бакчасынан Костырина Анастасия Викторовна татыды.

Сынактын катышуучуларына тиричилик техникасы түрүндөгү сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE