Пример HTML-страницы

Бакай-Атадагы булактан дарычылык үчүн суу алып кеткендер көп

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын кире беришинде дарактын тамыр алдынан чыккан булакты айылдын эли мазар катары билет. Жергиликтүү тургун Нурлан Байболсунов эл оозунда айтылып келген уламыштарга токтолду.

Анын айтымында, бул мазарда Боотерек аттуу көзү курч, баарын алдын ала билген адам көмүлгөнү айтылып келет.

«Ал абдан алп болгон экен. Ал көмүлгөн жерге бак өсүп чыгып, анын тамырларынан булак чыгып турат дешет. Чындыгында эле ошондой, үңкүр сыяктуу жерге түшүп, ошол жерден суу алат. Көп жолоочулар токтоп, ал жерден суу алып, 7 токоч алып келип, Куран окутуп кетишет.

Мазар болуп калгандын себеби мурун кой кайтарып жүргөн бир адам бул дарактын бутагын сындырып коюп, ошол бутактын ордунан токтобой кан аккан экен. Ал чочуп, үйүнө барып, мал союп, Куран окутуп, колунда жокторго жардам берген экен. Кийин СССР учурунда дагы бул бакты кыябыз деген адам каза болуп калган. Ошондон кийин бул жерге мазар деп келген адамдар көп. Колу-буту ооруган адамдар булакка тоссо сакайып кетет деп ишенишет. Ал эми бетине жаман жара чыккандар, көзү чылпактагандар бул булактын суусун алып кетип, жуунушат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE