Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 14-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 14-БОЛУМ

— Мм… Биз жаш кезде биринчи мүдөөбүз: ата-энени сүйүнтүп, шаарга чоң окууга өтсөм. Жатакана, стипендияга жетсем. Жигиттер ала качып кетпесе, анан диплом алып, үч айга жетпей алган билимим менен иштесем. Анан эрге тийип, ажырашпай жашоо болчу. Ошого кандай аракет, эмгек менен жетчү элек. Суроолор да ошонун тегерегинде болсо керек, эсимде жок. Анда өзүн эч ким жар салчу эмес. Азыркыдай жарым жылаңач эмес, шым кийгенден тартынчыбыз. Бети-колубузду эле көрүшсө да, кадыр баркыбыз жигиттерге чоң болчу. Азыркы жаштар баары эле ырчы, бийчи болом дейт экен. Анан карыбы-жашпы, мусулманбы, айтор акчалуу эркек болсо эле ылгабай тийип алышат экен. Биз Ак Мөөрдү Жантай чал алды деп ыйлап жүрбөдүкпү. Ээ, акындар жазган аппак сүйүүлөр бар эле. Азыр байкуш сүйүүнүн да баркы кеткендей.

 

— Жок апа, чыныгы сүйүүлөр көп,— деп айтып алып Кемел катты окуду бекен, мурдагыдай сүйөбү деп санаркап кетти.

 

— Ошондой эле болсун, кагылайын. Мен жаштарды билбейм да, көчөдөн тартипсиз кыздарды көрсөм, ушинтип ойлоп кетем. Өмүрүңөрдү берсин, ыйман, ырыскы берсин жаштарга,— деп, шырдак шырып жатты. Бирок, келининин негедир көңүлү тынчыбай турганын дароо байкады, анын адамдардын ичиндегисин бешенесинен окуп ала турган шыгы бар эмеспи. Унчукпай дагы кечке байкамак болду.

 

Кемели менен ичинен мактана: Кудая тобо, бат эле жоргосуна салып алды. Баламдын тимеле кареги менен тең айланат го. Ошентсин, эркек эмеспи. Кожоюн болуп, туура-туура эмес болсо да кээде душман көзүнө коржоңдоп турсун. Чектен эле ашып баратса биз турабыз го. Аны көргөн инилери да ошондой кетет. Келиним да бышык-чыйраак, баралына келгенде жемин жегизбеген, оокат-ашына тың жакшы бүлө болот деп ичинен компоёт. Түү-түү көзүм тийбесин деп өзүнөн да сактанат. Кудайдан эртели кеч тиленгени эле Айсулуу менен Маянын эртерээк төрөшү. А, ал тилекти азырынча экөө тиленеби, ким билет. Баарынын ар бир кылган ишин, кабак-кашын байкайт. Энени жаратыптыр да, тегиз ойлой турган кылып. Улам келип, шырдак кармаша калып, кайра тура калып үйгө кирип, жаңы халат, жоолугун ооштуруп, көчөгө бир чуркап, айтор бир кызыктай эле болуп жатты. Келинин карап:

 

— Өңүң эмне кубарып калган?— деди кайненеси.

 

— Кичине желдеп калган окшойм,— деп калп эле күлүмүш болду Мая. Кемелди ал чыдамсыздык менен күтүп жаткан, жазган катынан кандай жооп болот дегенсип. Кемел кечке жумушта бүкү-түкү болуп жүрсө да Маяны көргөндө үйдө эле экен дегенсип төрөпейил болуп, катты окубаган кишидей дагы эле боюн көтөрө, сүйлөбөй огороддогу жашылчаларды чапканы чыгып кетти. Ал кантээр экен деп Маяны текшергени эле. Бир чети уялып бет багып карай албай койгон. Бирок сүйүүсү мурдагыдан да алоолонуп күчөп турган.

 

Желп эткен жел жок. Асман көпкөк, туптунук.

 

Эне кантип алдансын. Ал да:

 

— Ысык чайдан ичип, жылуу жатсаңчы, –деп коюп эшикте жүргөн баласына басты. Кээде үйдөн чыгып баратып, Мая менен Кемелге кулак төшөп калат. Экөө ойноп же махабат тууралуу сүйлөшүп жаткан болсо, күлүп кетип кала турган. Жакындан бери эмнегедир келини ушинтип көңүлү ачылбай калып жүрү. Жанагы Маясыз жашабайм деген бала кайда жүрү?. Колума түштүң, эми кете албайсың деп аялынын көңүлүн чөгөрүп жүрүбү? Келин да кызганчаак көрүнөт. Жумуштан келээри менен соткасын текшерет го, чиркин. Аны билип алган балам ансайын ыржалаңдап ар кимди өзүнө чалдырат. Оюндан от чыгат да. Ой, жаштык–мастык ай.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE