Пример HTML-страницы

Кочкордогу тургундар райондук китепканага 220 китеп тапшырды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор райондук Исабек Исаков атындагы китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнүнө карата «Бир адамдан бир китеп» акциясы өттү.

Иш-чарага райондогу жетекчилер райондон чыккан акын-жазуучулар, окурмандар катышты.

Райондук китепкананын директору Бурулсун Султаналиева 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү тууралуу окурмандарга маалымат берип, акция бир жумага созуларын, андыктан китеп берүүчүлөргө эшик ачык экенин билдирди.

Кочкор районунун акими Камил Чоткараев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Чоргоева куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, ала келген китептерин тапшырышты.

Иш-чарада активдүү окурмандарга ардак грамоталар, белектер берилип, райондон чыккан жергиликтүү акындар ырларын окушуп, чакан концерт тартууланды.

«Бир адамдан бир китеп» акциясында окурмандардан китепканага 220 китеп түшкөн.

Ушундай эле иш-чара райондогу бардык китепканаларда өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE