Пример HTML-страницы

Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев дагы бир кызматты ээледи

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун футбол ассоциациясынын жаңы жетекчиси болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Баткенде облустук футбол ассоциациясынын жыйыны өттү. Ага Абдикарим Алимбаев баштаган облустук жетекчилер, район, шаарлардын башчылары, спорт комитеттеринин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, футбол клубдарынын жетекчилери, машыктыруучулары жана Баткен облустук футбол ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Президент Садыр Жапаровдун «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккандыгына байланыштуу, анын 8-пунктунда аймактык футбол ассоциацияларынын президентинин кызмат ордун президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ээлей тургандыгы белгиленгени айтылды. Ага ылайык, ассоциация мүчөлөрүнүн добушу менен, Баткен облустук футбол ассоцациясынын президенттигине Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев шайланды.

Ал эми биринчи вице-президенттикке ассоциациянын мурдакы президенти Айбек Ражапов, вице-президенттигине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE