Пример HTML-страницы

Turmush: «Айдоо жер 1 млн сомго чейин сатылууда»: Аравандык тургундун кайрылуусу (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагында 12 гектар сугат жер турак жай куруу үчүн жашоочуларга сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында аталган айыл аймактын тургуну Борубай Буваев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчы 4 сотых жерди 700 миң сомдон 1 млн сомго чейин баалап, жалпы 12 гектар айдоо, сугат жерин сатууда.

«Биз Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын тургундарыбыз. Биздин айыл аймактын Кахыр-Култан участкасында ижарага берилген 12 гектар айдоо аянты айыл өкмөт башчынын токтому менен үй курууга берилүүдө. Азыр жерге эч нерсе эгилбей, бош турат.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Элдик курултайдын аягында элге «Силерге сугат жерден, айдоо жерден бир сотых да турак жай курганга жер бере албайбыз. Себеби биздин Кыргызстанда андай жерлер аз, ошону үчүн бир да жер бере албайбыз» деген эле. Андан кийин активисттерге «Эгер ошондой жерлер берилип жаткан болсо, бизге айткыла, биз токтотобуз» деп айткан эле. Буга байланыштуу биз келип отурабыз. Президенттен суранабыз, мен айтып жаткан 12 гектар айдоо жерди турак жайга бербей, ижарага иштетип жаткан адамдар өздөрү кайра иштете беришинсин», — деди ал.

Борубай Буваев айыл өкмөт башчы жер адиси менен бирге 4 сотых жер үчүн 700 миң сомдон 1 млн сомго чейин алышканын айтты.

«Менден 700 миң сом сурашты. Пенсионер экенимди айттым. Бирок тургундар 1 млн сомго чейин акча берип, 7 айдан бери жердин берилишин күтүп турат», — деген Буваев президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушевден маселени чечүүгө жардам берүүнү суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE