Пример HTML-страницы

300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланган айылда күйдүргү очогунун тосмосу бузулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда кокту-колоттон түшкөн сел күйдүргү (сибирь жарасы) оорусунун очогунун тосмосун бузуп, жанынан агып өткөн. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Матназаров билдирди.

Анын айтымында, учурда райондук ветеринардык башкармалык жана ӨКМдин кызматкерлери тосмону калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Момбеков айыл аймагына караган Эски Кочкор-Ата айылында күйдүргү оорусунун 3 очогу бар. 22-апрелде нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон түшкөн суу илдеттин бир очогунун жанынан агып өтүп, тосмосун бузуп кеткен. Калган эки очокко кыян жакын барган эмес. Райондук ветеринардык башкармалык илдеттин очогу жайгашкан жерге суу кирбегенин, кооптуулук жок экенин билдирди. Адистер тарабынан бузулган тосмону калыбына келтирип, бекемдөө иштери жүргүзүлөт», — деди Матназаров.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда күйдүргү илдети көбүнчө өлкөнүн түштүгүндө көп катталат. Буга климаттын жылуулугу жана илдеттин очокторунун көптүгү себеп. Өлкө боюнча күйдүргүнүн 600гө жакын очогу болсо, анын көбү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында.

Кыргызстанда күйдүргүнүн төрт түрү аныкталган. Алардын ичинен терини буза турган формасы эң көп катталат.

Тери формасы — бул негизинен малдан адамга жугат. Мал сойгондо теридеги ачык жерлерге же колду кесип алганда инфекция кирип кетет. Мында адамдын денесине жара чыгат. Адегенде денеде кызыл тактар, ыйлакчалар пайда болот, ал жарылып оордуна кара жара чыгат.

Өпкө формасы — бул дагы эң кеңири таралган түрү. Мында чаңдын курамындагы вирустун споралары дем алганда организмге кирип кетет. Көбүнчө мал-жандыкка ушундай жол менен жугат.

Ичеги формасы. Оруну козгоочу вирустар тамак-аштагы же чөп-чардагы инфекциялар аркылуу ичеги карынга кирип кетет. Күйдүргү менен ооруган малдын этин жеп алса да жугат. Мында адамдын дене табы көтөрүлөт, ичи ооруп, кусуу жана ич өтүү менен коштолот. Илдет жукса мал-жандыктын дагы дене табы көтөрүлүп, жаны тынбай чабалактап калат.

Кан тармыр формасы. Чымын чиркей, көгөн, бүргө сыяктуу малды чагып анан адамды чакккан майда жандыктар аркылуу жугат.

——————————————————

2024-жылдын 22-апрелинде Ноокен районунун Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундары эвакуацияланган.

Маалым болгондой, Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралган. Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан аталган айылдын тургундарын коопсуз жайларга эвакувация кылуу чечими кабыл алынган.

Эски-Кочкор-Ата айылынан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.

Буга чейин Turmush Ноокен районунун Бостон айылында 42 турак жайды жана мектептин короосун кыян каптап, балдар онлайн окуп жатканын жазган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда, 22-апрель күнү катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, айылды суу каптап, 300дөн ашык кожолук коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Көчүрүлгөндөрдүн арасында Феруза Камалдинова да бар. Ал табийгат кырсыгы орун алганда 3 баласын алып коопсуз жайга качкан.

«Кечээ кечке жуук таанышым чалып, айылдын үстүндө сел жүргөнүн, үйдөгү документтерди алып, коопсуз жайга баруумду айтты. Мындан улам 3 баламды алып абысынымдын үйүнө бардым. Эртең менен үйүмө келсем короо-жайымды суу каптап, бастырмамды бузуп, үйгө жана ашкананын ичине суу кириптир. Азыр үйдү тазалап жатышат. Адистер келип үйдү дезинфекциялап, кудуктан суу ичпей турушубузду дайындады. Азырынча эмне кыларымды билбейм», — деди ал.

Феруза айыма сыяктуу үй-жайын кыян каптаган жашоочулар 10доп саналат. Сел Уулкан Турарбек кызынын да үйүнүн ичине чейин кирген. Азыр жергиликтүү тургундар куткаруучулар келгенге чейин тизеге чеиин суу баскан үйүнөн палас, төшөктөрдү эшикке алып чыгып, үйдүн ичин суудан тазалап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE