Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 13-БОЛУМ (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

13-БОЛУМ (АЯГЫ)

*******

 

— Кечирип кой садага кетейин, Кундузга таарыныч кылбаганда кимге кылам, кантсе дагы эже-синдидей болуп калганбыз, мен эмне десем да макул болуп турчу, созумду эки кылчу эмес, ал тургай жанагы баласын дагы бизден тартынып балам дебей журбодубу, балакетинди алайын десе, ыймандуу келин да, — деп анкорлоно кайра кирди Тумаркан, — Атан байкуш Тумаш эже деп турчу эле… — Эмне кылабыз, биз дагы жаш болуп калдык, суруштургонго алыбыз келген жок. — Кантейин, бир жолборс эле да атан, силер чабал болуп калдынар, — деп кейий креслого отура кетти, — Эми акбалынар дуруспу, аны-муну конулуно алба айланайын Кундуз,баары куйуттун кесепети, иним кандай гана адам эле, атти-ин! — деп жуз аарчы м.н мурдун шыр эттире алып койду. Асел устол устуно баарын коюп, жылкынын чучугун баштап, казы картасына чейин койду, чай сунуп: — Чай ичиниз эже, — деди ийиле. — Кудай жалгасын, айланайын, — деп шыпшынып тамактан алып жатты. — Кудалардын алып келгендерин анан корунуз, Турсундар алып кете элек, озубуздун ресторанга жылкы союп тостук, ушунун баары Бектурсундун аты, намысы эмеспи эже, чынында анын балдары бир кайрылып бооруна тартып же каттап койбойт,балдар азыр деле жаш деп ойлойм, оз жемдерин талаша албайбы деп, кокус менин козум отсо буларга кун коргозбоочудой туру бар, — Кундуз аста суйлоп отурду, — Сиз аларга каттайсызбы? — Каттабай анан, барып турам, алардын энеси Бектурсун мени чанып кетсе менин карай турган жок бекен дегенсип эрге тийип алган, балдары оз-озунчо турушат, айла канча, балдарга барып турам, катташпайт оздору. — Эже, ошол агаларым м.н тааныштырып койбойсузбу? — деди Тургун. — Тааныштырбай анан, Элмурат м.н Калмурат азыр атасындай болуп окмотто иштейт, сыртынан коз салып озу барда окутуп койбодубу. Бекмураты окуган жок, жай гана апасынан жаны болунуп жашап жатат, учоонорду уйго чакырайын, алар дагы келет, ошондо тааныштырам, макулбу садага? — деп ак конулдугу кармай балпылдап жатты Тумаркан. Ошол убакта Бектемир келип калды аялы Сайнагул экоо. — Кандай жене, жакшы болуп калдынызбы? — Кудага шугур, кел-келгиле. — Кандай жене? — деп Сайнагул дагы келип учрашты. — Жакшы, чайга карагыла. — Жене, кудалар келиптир деп уктук, — деди Бектемир саал кекеткен тур м.н. — Ооба-ооба, эптеп кош-кош келин алып жатат, берген жардамыбыз жок, аман эле болушсун, — деп Тумаркан жасакерлене Кундуздан озунуп айтып ийди. — Айтып деп койбой… — Жетишпей калдык, жылкы союп агандын жогун билгизбей тостук, бир жылкыны акем кошумча кылып берген, сутакысына жуз мин бердик, — деди Кундуз токтоо. — Жакшы болуптур, — деп таарынчысын ачыкка чыгарбай отуруп устол устундогу даамдан алып жеп жатышты аялы экоо, — Балдар бактылуу болсо болду, ошол жуз мин сомдук сеп келдиби анан? — Кыйыта сурады. — Септин турушу миллиондон ашыптыр. — Койчу, куданыз укмуш алып келген го? — Кирип коргуло, эки болмого батпай калды, алып кетише элек, — деди Кундуз сынай карап озу туруп ички болмолорду коздой басып, — Мына коргуло. — Ох-хоо! — Абдан жакшы келген экен. — Чириген чиновниктерден го куданыз? — Ошондой окшойт, мен деле билбейт экенмин. — Укмуш, мебелдери, гарнитуру чет элдики тура, ээ жене? — Ооба, ар бири эле он мин доллар турат экен. — Жакшы экен, буйрусун жене, чакырбай койду деп таарынып келдик эле, эми таарыныч жок, ушунча алып келгендерге оной кийит кеткен жок да, кой биз кеттик, — деп кетмек болгондо Кундуз: — Отургула, кудалардан калган бирдеке бар эле, эжемдер болуп ооз тийгиле, — деп Аселди карады эле, ал серванттан литр импорт аракты алып келди. — Коншуларды дагы чакырып ооз тийгиздик, алдын ала уйго келээри м.н акене куран окуп туруп анан ооз тийдик, тигил койдун эти кудалар алып келген кешик, — деди. Кээ-кээде Тумаркан да ичип койчу. — Кунан кой го, кабыргасы эле торпоктукундай экен, — деп суктанып жаткан куйоосун Сайнагул акырын нукуду, анткени жок турчу, кобунчо агасы жардам берчу, озу коп иче турган, — Женем менин ачууга жакын экенимди билет да, атайын коюп койгон тура, — деп бапылдап аракты ачып куя баштады. — Ачкылга жакын экенинди элдин баары билет, — деди жактыра бербей Сайнагул. — Кой Сайнагул, куданын кешиги деп ооз тийгизип жатам, мен болсо ичмек тугул намаз окуп калдым, оорунун азабы экен. — Деги да, жанталашып аракты ачса уяласын. — Уялып эмне, болок-ботон эмеспиз, озун эле келип керегинди алып, балдарды ээрчитип келип турсан боло,- деди Кундуз абысынына. — Ооба десен, жон эле келип барын алып, жардам берип тур да, — деп койду кошоматтана Тумаркан. Бектемир арактан эки стаканга куюп бирин эжесине узатты. — Апей, эми сени м.н арак ичемби? — деп чоочумуш этти Тумаркан. — Эже, балдарга жакшы каалоонузду айтып коюнуз. — Ийи ооба-ооба, кээде ичип да коем жерге кирсин, сууктап калганда, — деди озун актай, — Мейли эми Турсун м.н Алтынай бактылуу болушсун, ак уул, кызыл кыздуу болушуп балпайган кемпир-чал болушсун садаган кетейиндер, — деди стаканды кармап. — Айтканыныз келсин. — Кел анда алдык, эже, — деп Бектемир да которду. — Обу жок десе, ала бер да, мени тентуш кылып албай, — деп инисин урушуп да койду, — Болбосо улуу балам м.н тен бу ар-рам, — деп ичип ийип эттен закуска кылып отуруп калды, копко отуруп анан кетишти: < Таш, ташты эриткен аш, деген ушул да, аларда барды мен тартып алган жокмун, балдарым барынан унчуга албай калышты, болбосо биерде отургузбай калсын>, — деп ойлонуп отуруп калды Кундуз, Тургун Тумарканды киргизип коюп эле бир жакка чыгып кеткен, анын кол телефону чырылдаганда эшикке чыккан… Шамбеттин <Кукук> деген кличкасы барын эч кимиси билбейт эле, тапшырманы Артур аркылуу Буркут жеткирет. Бир куну ага Буркут келиптир, аларды Эмма корбойт, эски тамдан жолугуп кете берет. Куугумдо келген Буркутту ары алып барып: — Кандай тапшырма? — деди. — Жаанын эки шериги наркотик м.н кармалып калыптыр. — Кайсы райондо экен? — Свердловск. — Эмне, чара корулдубу? — Жок < Кукук> озу суйлошсун деди. — Беркинисичи? — Ала келдим, тиешелуусун озуно калтырсын деди. — Жарайт, эртен бутуром, жогору жакка чалдыбы? — Ооба, эртен сизди кутот. — Анда бара бер, — деди да пакеттегини алып озунун турмодон келгендеги эски сумкасына салып катып койду. Буркут унчукпай машинасына отуруп журуп кетти. Эртеси жашыруун ички иштер министрлигине кирип чыкты да туз уйуно баса берди. Бул эки мин бешинчи жылдын ноябрь айы эле, кун суук, жакындан бери кол телефон колдоно баштаган, эми уйуно жеткенде Артурдун номери чыкты, — Ало угуп жатам байке, аа-а, бутуптурбу, жеттиби балдар? — Ма-акул байке, саламатта болунуз, — деди да телефонду очурду. — Ким ал? -деди Эмма. — Тааныштар эле. — Ийи, — деп койду бейкапар. — Келиндерин эмне болду, ойноп жатабы? — Эртен башташат экен. — Чек кимге келди? — Айнаш тосот. — Мейли, ойной бер, балдар чоноюп калды, — деп койду Шамбет, — Эмманын эч кимиси жогуна боору ооруп аяп кетчу, ошондуктан аны конулу которулсун деп тим койду. Себеби тууган-туушканы жок жалгыздыгынан бир омурлук жолдошу катары сыйлачу. — Мин сом тегеренгиче бир жарым жыл болот экен да, мен онунчу кезекти алдым,- деди Эмма. — Мейли, эмнеси бар экен, уйдо балдар м.н отуруп камыгып деле буттун, бир айда бир жолу эс ал. — Сен капа болбойсунбу? — Жок, эмнеге капа болмок элем, балдарымдын апасысын, алтыным десе, сен менин омурлук жарымсын, туболук менин омурлук жарымсын, — деп эркелете бооруна кысып ооп алды, балдар уктадыбы, жаркыным? — Ооба, эбак уктаган. — Менин эркем, эч кимим жок деп капаланба, мына биз турабыз, сенин элин да, журтун да биз, Арген сени оз апасынан кем корбойт, Арсен м.н Айдин биздин эркебиз, эгерде мен бир жакка кетип жоголуп кетсем сен бул уйдун ээси, балдардын энеси болуп эл ичинде калышын керек… — Ал эмне дегенин, сен кайда барасын? — Балким аяксыз жоголом, сен муну билишин керек, озуно сак бол, балдар учун, — деди да кулагына шыбырады. Бироо угуп тургандай сактанып суйлоду, болгонун айтты, тушундурмок болду, анткени ал озунун акыркы кундорун санап жатып калган. Эмма ыйлады, жалынып жалбарды, ансыз бул омур карангы экенин айтты, бирок тагдырдына улутуна баш ийип унчуга албай калды, коптон кийин гана: — Сенин ошол байлыгын мага сенчелик рахат алып келеби? — деди соолуктай. — Бара-бара тушуносун, Арген бул жонундо билбесин, балдарым беймаза болбосун, эртедир-кечтир мен силерди таштап кетууго мажбурмун… — Шамбет, мени антип коркутпачы, мен эми гана жалгыздыгымды унутуп, сен учун, балдарым учун жашай баштаганда. — Сен тушунуун керек, мен ошол жактан эле башымды олумго байлап чыккам, маанилуу ишимди аткардым, сага окшогон жаркылдаган жарды да куттум, мына бул аймончоктой балдарга ата болдум, эми арманым жок, мен айткан байлык сени олтурбойт, малды кутсон талашышы мумкун, бирок мен сага акчалай калтырдым,- деп келинчегин олбурлуу денеси м.н бооруна бекем кысты, — Сен коркпо, мени жоктобо, болгону эстей жур, бирок денемди уйдун жанына алып келип таштаганда гана жоктойсун, — деди токтоо, бирок ошол создун артында арман, оксук жаткан эле: < Эгерде турмого тушпогондо, башкалардын кулу болуп бербегенде бул нерсе болмок эмес, кокус мажироо болсом эбак соогум сопот болмок, бир максатым оз очумду алдым, аткарылды, далай олумго кубо болдум, куноосуз куноолуу болгонум м.н анык баш кесердин озу болдум, жакшы ит олугун корсотпой олот дегендей дайынсыз жоголгонум абзел. Аргенимди корбой каламынбы дедим эле, аны адам кылдым, бир гана Эмманы туболук бактылуу кылууга кудуретим жетпеди>, — деп оор курсуно келинчегин арман тогон журоктогу окунучу м.н кыса кучактап турду. — Сенин ким экенинди билбей турам, жаман туш коруп жаткандаймын. — Ооба,сен жаман туш коруп жатасын. — Ырас элеби, сен жанымдасын ээ? — Эмма ого бетер ыктады. — Жанындамын, жарыгым. — Тушум экени ырас болсо экен. — Укта жаным, бул жон гана тушун. — Сен дагы уктап эс ал. — Уктап баратам. — Эртен м.н ойготпой эле койчу. — Макул, ойготпойм, жалгызым. — Эми чындап ишендим, сен жанымда экенсин, — деп Эмма анын колтугуна ыктай конуру жытына магдырай козу жумду. Шамбет жаш балача колтугунда мышыктай бурушуп уктап жаткан жаш аялын жыттап коюп оор ушкурунуп алды: < Менин зыяным балдарыма тийбесе болду, мен олбойм, уч Шамбет бар, учоо менин тукумумду улаарым, Кадырбайдын урпактары, атамдын атын очурбой журтун ээн калтырбай уй куттум, уул-кыз куттум, озумон томонду ойдо каратпадым, атымды жаман атты кылбадым, болгону бир дерден жаздым, ага менин окунууго акым жок, тагдыр-таалайымдын жазганына конуудон башка аргам жок>, — деп ойлонуп жатып уйку корбоду. Бирок анын кумонсуусунун он жагы дагы бар эле, оз кругунда акталып эркиндикке чыгуусу да мумкун болчу. Тан эрте туруп балдарын жыттап ооп, аялын копко карап турду, ойгоноор туру жок, кызык уйкуда, акырын энкейип чечесинен жыттады да дароо чыгып кетти, машинасына отуруп онду-солду камчыланган атчан сымал ойлору алды кайда сунгуп ойдун кучагында кетип жатты: < Качканым болбос, балдарга зыяным тийет, акыры бир куну таап алып тукум курут кылат, ошондуктан озум барганым жакшы>, — деп ойлонуп кете берди…

… Шамбет жанылышпаган экен, аны башка бири саткан болуп чыкты, акыры ал он кундон кийин уйуно кайтып келди. Эмманын кубанычын айтпа, ойлонуп жудой тушуптур. Кыска кучакташып копко турушту. Жашоо кайрадан уланып жай турмуш ото берди. Аргендин уулунун тушоо тоюн откормок болуп катуу камынышты. Кудаларын чакырып кадимкидей чон той откорду, Арген бир туугандары м.н баары чогулуп тойдо отурушту…

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE