Пример HTML-страницы

Кочкор районунда «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулат

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Кочкор айылында Улуу Жеңиштин 79 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, анда «Өлбөс полк» акциясынын алкагында жүрүш өтөт. Жүрүш 9-Май күнү саат 10:00дө бир жагы сейил паркынан башталса, экинчи жагы Кочкор райондук ооруканасынан башталат. Мында райондун тургундары согушка катышкан, тылда эмгектенген чоң ата- чоң энелердин сүрөттөрүн көтөрүп, жүрүшкө катышат.

«Өлбөс полк» жүрүшү Кочкор районунда 2018-жылга чейин уюштурулуп келген. Кийин пандемияга байланыштуу токтотулуп, ошондон бери боло элек. Кочкор районунан 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка 5510 эр-азамат катышкан. Алардын 1125 дайын-дарексиз болсо, 255 жоокерге кара кагаз келген. Ал эми согуштан аман келгендердин дээрлик көпчүлүгү майып болуп келишкен. Кочкор районунда азыркы учурда согуштун ардагерлери калган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE