Пример HTML-страницы

Военно-Антоновка айылына Кожомкул балбандын ысымын берүү сунушталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын аталышы өзгөртүлүп, Кожомкул балбандын ысымы берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айылдын аталышын өзгөртүү үчүн 14-мартта элдик жыйын өтүп, протокол түзүлгөн. Андан кийин 15-мартта жергиликтүү кеңештин №01-5/9 токтому чыккан. 21-март күнү айыл өкмөттүн тескемеси чыгып, ал акимиаттан, облустан жактырылып, учурда коомдук талкууда турат. Жогорку Кеңеште кабыл алынса, айылдын аталышы өзгөртүлөт.

«Негизи бул демилгени айыл аксакалдары көтөрүп чыккан. Алардын айтымында, Бишкек шаарынан чыккандан кийин эле Военно-Антоновка, Гавриловка, Романовка деп кете берет экен. Жок дегенде ушул Военно-Антоновканын аталышын кыргызчага которолу дешкен. Кожомкул балбан болсо, бир гана кыргыз элине эмес, казак, өзбек элдерине белгилүү болгон тарыхый инсан», — деп айтылат маалыматта.

Айыл 109 жыл мурда сырттан көчүрүлүп келген орустар, украиндер тарабынан негизделген. Ал учурда бул жерге адамдарды жайгаштыруу иштерин Антон аттуу аскер адамы жүргүзгөн. Жаңы түптөлгөн конуш 1912-жылы айыл макамын алып, Военно-Антоновка деп аталган.

———-

Каба уулу Кожомкул (1888-1955) — кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 кг, бою 2 метр 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон. 52 өлчөмдөгү өтүк кийген.

Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге Кожомкулдун ташы деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг. Аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө-Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз катары айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE