Пример HTML-страницы

Дөбө-Коргондогу депутаттар айдоо жер 1 млн сомго чейин сатылып жатканын айткан тургунга жооп беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагында 12 гектар айдоо жери 700 миң сомдон 1 млн сомго чейин сатылып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары билдирди.

Алардын айтымында, 2009-жылы 12 гектар жерди трансформациялоо боюнча, ал эми 2023-жылдан баштап гана элге жерди бөлүп берүү боюнча токтом чыккан. Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары жерди бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамында болуп, социалдык жактан аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөргө гана жерлер бөлүнгөнүн белгиледи.

Аталган айылдык кеңештин төрагасы Назимжан Махаммадов тиешелүү мамлекеттик органдардын катынын негизинде гана жерлерди бөлүп берүү боюнча токтом чыгарылганын билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып: «Биздин маалымат жыйын берип жатканыбыздын жөнү бар. Кечээ бир жаран биздин айыл өкмөт боюнча туура эмес маалымат айтып коюптур. Айыл өкмөттө 2 миңдей адам жерге муктаж. Аталган жарандын сөздөрүнөн кийин бүт депутаттарга тургундар чалып, «Эмне себептен биздин жерлер берилбей калышы керек?» деп сурашты.

12 гектар жер жөнүндө мен айылдык кеңештин төрагасы катары маалымат берип кетейин. Бул жер 2009-жылы трансформациядан өткөн жер. 2003-жылдан бери жер бериле элек. Бүгүнкү күнгө чейин 20 жыл убакыт өттү. Ошондогу балдар 20га чыкты. Учурда 2 миңден көп адам жерге муктаж. Биздин айыл өкмөттө ошол кездерден бери элге турак жай куруу үчүн жер бериле элек. Айыл өкмөттүн эң курч маселеси ушул.

Элге жер бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамында биз — айылдык кеңештин депутаттары да барбыз. Бир дагы жер сатылган эмес. Жерди үй-бүлөлүк абалына, социалдык статусуна карап бергенбиз. Биздин документтер бүт мыйзамдуу. Биз чыгарган токтомдор Министрлер кабинетинин, президенттин буйрук-жарлыгына, тескемесине туура келет. Токтомдор боюнча бүт мамлекеттик мекемелер — архитектура, «Кадастр» мекемесини кортундуларын берген. «Мыйзамсыз жер берилип жатат, жерди сатып жатат» дегени такыр туура эмес маалымат. Биз күбөбүз, эч ким эч кимден акча алган эмес. Эч ким эч кимге акча берген да эмес», — деди.

Айылдык кеңештин депутаттары үймө-үй кыдырып, жерге муктаж адамдардын аты-жөнүн такташканын, эч кимге жерди мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча токтом чыкпаганын кошумчалашты.

Кечээ, 24-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында жергиликтүү тургун Борубай Буваев Дөбө-Коргон айыл аймагында 12 гектар сугат жер турак жай куруу үчүн жашоочуларга сатылып жатканын билдирген.

Ал айыл өкмөт башчы 4 сотых жерди 700 миң сомдон 1 млн сомго чейин баалап, жалпы 12 гектар айдоо, сугат жерин сатып жатканын белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE