Пример HTML-страницы

ОшМПУда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

Turmush23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш-чара болуп өттү.

Саамалык «Китеп ааламга жанып турган өчпөс чырак» аталышында болуп, ал Ош шаардык китепкана бөлүмү менен биргеликте университеттин китепкана бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаардык борбордук китепканасынын директору Салима Токтомаметова баштаган коноктор, ОшМУ, ОшТУнун китепканачы кызматкерлери жана окутуучулар, студенттер катышты. Мында жалпы окурмандар үчүн китеп көргөзмөсү жайылып, куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, китеп тууралуу көркөм окуулар, сахналык көрүнүштөр аткарылып, китепти даңктаган өзгөчө маанайда программа коштолду.

Китеп күнү жаштардык китеп окууга үндөө, кызыктыруу жана анын баалуулугун туюндуруу, китепканалар менен тыгыз кызматташууга көпүрө болуу максатында жыл сайын окуу жайда белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE