Пример HTML-страницы

ОшМУнун клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУдагы иш сапары учурунда билдирди.

Алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

«Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Түркиянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, бүгүн мен ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт», — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр ОшМУдагы иш сапарында университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты. Мындан сырткары Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттери, «Ден соолук» кербени, окуу-илимий лабораториялык комплексттер, виртуалдык клииникаларды көрдү.

Алымкадыр Бейшеналиев университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык обочо жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Медициналык клиниканын жана медицина факультеттеринин жамааты менен жолугуп, кызматкерлерге мамлекет тарабынан шарттар түзүлүп, айлык маяналары жогорулай тургандыгын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE