Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда тез жардам унаасына жол бербеген айдоочуларга 80 000 сом айып салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунда тез жардам унаасына жол бербеген айдоочуларга 80 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-апрелде «Маяк» аталышындагы рейддик иш-чара Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өттү. Рейддин жүрүшүндө тез жардам унаасына жол бербеген айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 8 айдоочуга административдик протокол толтурулуп, ар бирине 10 миң сомдон айып салынды.

Рейд облустун башка район-шаарларында да улантылат.

Укук бузуулар кодексинин 188-беренеси. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

4-пункт. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө — жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотулуп жаткандыгына ынанганда гана пайдалана алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE