Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 73 млн сомдон ашык каражатка балдар ойноочу муниципалдык борбор ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында «Данек» балдар ойноочу муниципалдык оюн-зоок борбору ачылды.

Ачылыш аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана шаар тургундары катышты.

Аталган муниципалдык борбор Спутник кичи шаарчасындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу багынын аймагында курулду. Мында жаш балдар үчүн бардык шарттар каралган. Коопсуздук эрежелери да эске алынган.

Кирүү акысы да жеке менчик балдар ойноочу жайлардан бир топ арзан. Тагыраагы, балдардын жаш курагына жараша 150 сомдон 280 сомго чейин. Ал эми туулган күнүндө келген балдарга, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, 3-декабрь — Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата акысыз.

Балдар ойноочу жайды жергиликтүү бийлик өзү иштетет. Мындан түшкөн каражат шаар казынасына түшөт. Жылына болжол менен 10 млн сомдой киреше түшөрү пландалган.

Кошумчалай кетсек, аталган жай Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун ичинен каржыланып, 73 млн сомдон ашык акча каражаты жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE