Пример HTML-страницы

Россияда иштеген Айбек Атаканов күтүүсүз окуяга кабылды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы Россиянын Владивосток шаарында иштеп жаткан Айбек Атаканов. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде олуттуу окуяга кабылганын айтып берди.

Айбек Атаканов бош убактысында такси кызматында иштейт. Ал 2024-жылдын 2-апелинде шылуундардын торуна түшкөн Владивосток шаарынын жашоочусунун 500 миң рубль акчасын сактап калды.

«Негизи таксиде көп эле окуялар болот. Наркомандар түшүп алып, көйгөй жараткан учурлар болду. Алардын айынан милиция кызматкерлери унааны аңтарышкан. Бирок баарынан бул окуя өтө олуттуу болду. 2-апрель күнү мага буйрутма түштү. Карыган орус улутундагы апа келип, унаага отуруп, кимдир бирөө менен телефондон сүйлөшүп, анан телефонду мага карматты. Красноярск шаарындагы небереси чын эле ооруп жаткан экен. Небереси делген адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды түшүндүм. Шылуундар шек алдырган жок. Мен да алардын сөзүнө ишендим. Ошентип кемпирден 500 рублду алып, банктан которуп коюуга жөнөдүм. Кемпир калган. Жол катар небереси делген бала менен кыйла сүйлөшүп бардык. «Банктан которуп кой, кызматыңды беребиз» деди.

Банкка кирип, оператор кыздарга айтылган даректи текшерип берүүнү сурандым. Оператор кыздар күмөндүү болуп жатканын айтышты. Анан унаага отуруп, кайра кемпир жашаган дарекке артка жөнөдүм. Шылуундар экенин байкап калдым. Алар улам бир номур менен чалат. Бири небереси, бири дарыгер болуп чалып жатышты. «Сен шылуун турбайсыңбы, кемпирдин акчасын алып кетип баратасың!» деп кайра мага кине кое башташты. Коркутууга чейин өтүштү. Мен кандай болсо да кемпирге акчаны берейин деп издеп бардым. Ал чыккан көп кабаттуу үйдүн короосуна чейин бардым. Андан ары канчанчы кабат, кайсы батир экенин да билчү эмесмин. Ары-бери чыгып издей баштадым. Акыры сураштырып тапым. Бирок кемпир эшигин ачпай койду. Кыязы ал мени да шылуун деп ойлоп калса керек. Анткени мен акчаны алып кетип, ал үйүнө кирген соң алданып калганын шекшиген окшойт. Мен кошуналарына милиция чакыруу керектигин айттым. Бир аздан кийин милиция келип, аларга окуяны айтып, көздөрүнчө апага акчаны тапшырдым. Кары кемпирдин баласы да келди. Баары мага рахматын айтып, «Чыныгы мусулман экенсиң! Болбосо силер жердин баарын эле жардыра берет экенсиңер» деди. Крокустагы террактты да кыйытып айтканын түшүндүм.

Негизи кемпирден 1 млн рубль сураптыр. Бирок 500 миң рубль араң тапкан экен. Анан мени шылуундар колдонуп, кемпирдин дарегине жөнөтүп, алар мага көрсөтмө берип, банкка мен аркылуу акча котортушмак экен. Эгер кыраакылык менен байкап калбаганым да, бул ишке мен да жоопкер болуп калышым ыктымал эле. Акча кайтарып бергенче алдамчылар улам бир номур менен чалып, 55 миң рублга чейин акча сунуштады. «Такыр болбосо, орус досум барат, ошол экөөң которосуңар» деди. Мен дарегимди айтсам эле же ошол көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан ары жылсам эле күч колдонуп, акчаны алып кетчүдөй сезилип жатты. Эң кызыгы, милиция кызматкерлери келгенден кийин телефон чалбай жок болуп кетишти. Демек, алар жакын жерге келип, акмалашкан деп ойлоп калдым.

Крокустагы окуядан кийин негизи мигранттарга башкача көз караш болуп калган. Улутумду сурашты. Кыргыз экенимиди айтсам, «Азаматсың!» деп далыга таптап, ыраазы болушту. Мечитте да бул окуя мисал катары айтылды», — деди ал.

Айбек Атаканов 1983-жылы 15-февралда Ош облусуна караштуу Алай районунун Терек айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 6 кыз, 3 уулбуз. Мен уулдардын кичүүсүмүн, менден кийин 2 карындашым бар. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 3 баланын атасымын.

Жашоо шартка байланыштуу 3-4 мектептен билим алдым. 11-классты аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факултетине тапшыргам. Атабыз кайтыш болуп калып, турмуш шартка байланыштуу аягына чыкпай калдым. Айылда чарбачылык менен алектенип жүрүп, кийин окууну калыбына келтирүүгө аракет кылып, Ош мамлекеттик университетинин табият тануу факультетине тапшырып, сырттан окуу бөлүмүн аяктагам. Адистигим боюнча экологмун. Ош облустук жаратылыш ресурстары департаментинде 3 жыл иштедим», — деди ал.

Мекендеш Россияга эмгек мирганты катары 2021-жылдын июль айында сапар тарткан.

«Красноярск шаарынан баштадык. Ал жакта пилорамада, кийин курулуш материалдарын даярдоочу болуп, андан соң кран айдап иштедим. Ортодо көп эле жумушта эмгектендим. Андан кийин Иркутск шаарына, Бурятияга барып эмгектендим. Владивосток шаарына келип, жүктөгүч унааны айдадым. Андан соң суусундук чыгарган заводдо жүк ташуучу унаага айдоочу болдум. Дем алыш күндөрү такси кызматында эмгектенем. Батирди ижарага алып жашайбыз. Үй-бүлөм Кыргызстанда жашайт.

Бош убактымда мергенчиликке кызыгам. Бирок мергенчиликке Кыргызстандан чыкчумун. Бул жакта достор менен волейбол ойноп турабыз. 5 маал намаз окуйм. Кыргызстанга буюрса жакында барам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE