Пример HTML-страницы

Beeline топ-менеджменти Бишкектеги ЖОЖдордо таанып-билүүчүлүк лекцияларды окуду

Акыркы жанылыктар

TurmushКандай инвестициялар эң кирешелүү? Жакшы келечекти курууга жана коомдун өсүп-өнүгүшүнө жардам бергендер. Beeline Кыргызстан мобилдик оператору өзүнүн жигердүү коомдук ишмердүүлүгүндө өлкөнүн жаштарын окутуу жана өнүктүрүү үчүн болгон инвестицияларга өзгөчө көңүл бурат.

Келечектеги лидерлерди даярдоого салым кошуу үчүн Beeline Enactus Кыргызстан коомдук бирикмесинин колдоосу менен борбор калаанын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн конок лекцияларынын сериясын уюштурду. Иш-чаралар 23-24-апрель күндөрү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өттү.

Beeline компаниясынын топ-менеджменти студенттерге ишкердик, карьералык өсүү жана инсандык өнүгүүгө байланыштуу ар кандай темаларда сүйлөп беришти:

Beeline Кыргызстан компаниясынын Башкы директору Андрей Пятахин бизнести өнүктүрүү үчүн чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Beeline Кыргызстан компаниясынын Башкы директорунун биринчи орун басары, каржы директору Айзада Мадамбекова каржыны натыйжалуу башкаруу жөнүндө айтып берди.

Коммерциялык директор Александр Атаманов эл аралык компанияларда ийгиликтүү ишке орношуунун сырлары менен бөлүштү.

Кызматкерлер менен иштөө жана уюштуруучулукту өнүктүрүү кызматынын директору Алтынай Кудабаева карьерада жана жашоодо өз жолун кантип табуу керектиги боюнча практикалык кеңештерин берди.

Иш-чаранын интерактивдүү бөлүгүндө спикерлер мини-викториналарды өткөрүштү. Эң активдүү катышуучулар компаниядан белектерди алышты. Ошондой эле, студенттер Beeline топ-менеджерлерине кызыктуу суроолорду берип, эл аралык компаниянын жетекчилеринен баалуу сунуштарды ала алышты.

«Beeline’дын конок лекциялары студенттер үчүн гана эмес, биз, спикерлер үчүн да пайдалуу болду. Биз аудитория менен баарлашууда баалуу тажрыйбага ээ болдук, билимибиз менен бөлүштүк жана жаш муундун эбегейсиз потенциалына дагы бир жолу ынандык. Жаштардын көз карашын кеңейтүүгө жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берүү кубанычтуу болду. Алынган билим келечекте алар үчүн ийгиликтүү карьера куруу жана инсан катары өсүүсү үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз», — деп белгиледи компаниянын Башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE