Пример HTML-страницы

«Махабат менен коштошуу!»

https://kyrgyzcha.site/?p=55555&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Махабат менен коштошуу

=•=•=•=•=•=•=•=•=•=•=•=•=•=•

Ар бирибиз оз тагдырыбызды алдын ала билгенибизде… Балким абирибиз алдында кечирилгиз каталарга эч качан жол койбогон болот белек.Пешенебизге жазылган тагдырды коз корот дейбизго? бирок тагдырыбыздыда тайгак жолго озубуз турторубузду бугун жалгыздыктан жапа чегип олтуруп тушунуп жатам.Мен тагдырымдан эч качан наалыбаймын.Тагдыр мага баарын берди.Тагдырым бакыт чырагын конулумо жагып,суйуу тумарын мойнума такты.Алгачкы жолуу сизди жолуктурганымда болок бир сыйкырдуу ааламга барып калгандай болгон болчумун.Эсинизде болсо баары бир кызыктуу жомоктой башталган болуучу.Сизди корбой калган кунум туну бойуу уйкум келбей тан аткынча сиз жонундо ойлоп чыкчымун.Тентек болсом керек,сиз менен жолукканда,болор болбос нерселерди шылтоолоп сизди копко жанымда кармап калчумун.Махабатыбыздын кучубу же болбосо тагдыр жолдорубуз пешенебизге кайчылаш жазылгандыктанбы билбедимго айтор ата энем уй-булом каршы болгонуна карабастан сиздин колунузду кармап сиз менен кеттим.Эх ошон кездер.Бир омур журогумдо моордой басылып калды.Ал кундорду эч качан унуталбасам керек.Озубуздун уй жайыбыз болбосода,бироонун кичинекей бир болмосундо жашасакда,биз ото бактылуу жандар элек.Ошол кичинекей болмодо бакытда,байлыкда,махабатда баары бар болучу.Уй жайыбыз, кунумдук тамакыбыздан артпаган акчабыз болбосода,сиз жанымда болгонунуз учун мен озумду эч качан бактысыз деп сезген эмес болчумун.Кубанычыбыз менен бактыбызды кошо уурдап арадан сезилбей кундор отту.Жан,окобуздун тунгуч наристебиз торолгон куну сиздин кубанычтан козунузго жаш алганыныз коз алдымдан эч кетпейт.-Менин алтын кызым,ай кызым деп кызыбызды эркелеткен создорунуз кулагыма тынбай угула берет.Балким бутун жан дуйном сизди деп,журогум сизди деп гана соккону учунда мага ушундай сезилер……..

Жан мен сизди эч качан айыптабаймын,бирок журогумдон кандар агып конулум коздорумо кошо ыйлайт.Кайсыл жерден биз адаштык.Тагдырыбыз кайсы кундон баштап башка багытты коздой бурулду озубузда сезбей калдык.Билемин биз болгону эл катары жакшы жашаганга гана умтулдук.Оз уй жайыбыз болушун каалап алгач сиз,кийинчерек арканыздан мен Рассияга барып иштедик.Баарысы сиз план кылгандай болуп жатты.Рассияда бизди ширин жашоо кутуп турбаган болсода,сиздин тырышчак жана намыской муноозунуз менен тырнак тишибиз менен тырышып иштеп уй жай кылдык.Кызыбызды,ата энебизди сагынып,Ата-Журтун ажарлары коздон учсада,келечекте эл катары жашоо учун биз иштегени мажбур элек.Сиз жанымда болгонунуз учунда мен эч бир кыйынчылыкка сынганым жок.Тескерисинче махабатыбыздан раахат алып сиз менен жашадым.Бирок…. бирок жан….. акча табуу жолунда бироонун акысын жееп арам тамак кылбаган болсокда,абирибиз алдында кылган окобуздун эн чон кунобуз учун тагдыр бизди жазалады…. Жан муну кантип тушундуруп,кантип туура айтуу аялзаты учун олумдон артык уят болгонун ошондо билгенимде эле,азыр колдорумдагы канга карап сай соогум сыздабаган болот белем. Жан чындыгында ошондо тагдыр бизди сынаган турбайбы.Сиз дагын эстерсиз,канчалык сакталып бойумда бутуп калбастын жолун издеген болсокда,бойумда бутуп калганы тан калыштуу.Ооба мен сиздин ак никениздеги аялыныз болчумун.Ошол эч бир куноосу жок,окобуздун каныбыздан жаралган наристени торосом болмок.Бирок ал наристе биздин планыбызда жок болуучу.Сизда менда коп балалуу болууну аябай энсеген болчубуз.Балдарды аябай жакшы корчубуз.Бирок ошондо уй жайыбыз болбогондуктан,канчалык сакталганыбызга карабастан кош бойлуу болуп калганым окобуздуда терен ойго салды.Ошондо мен озумчо бир чечим чыгара албайт болчумун.Сизге болгон махабатымдын ушунчалык кучтуулугунонбу билбедимго сиздин ар бир чыгарган чечиминиз мен учун мыйзам болчу.Ошондо сиз аябай ойлонуп копко маанайсыз жургонунуз эсимде.Сиз мага коздорунуздогу жашыныз менен -жаным мени туура тушун.Мен коопко ойлонуп бир чечимге келдим.Балким сен каршы болорсун.Мен тушуном сенин курсагындагы наристе менин канымдан жаралды.Сен мени ташбоор ата деп ойлобо.Эгер сен аны торойт турган болсон пландарыбыз озгорот.Сен айылга барып тороп бала чонойгунча ошол жакта жашашына туура келет.Озун ойлоп кор окобуз эки жакта кантип тиричилик кылабыз.Мен силер учун иштебесем болбойт.А сен менсиз бала менен кыйналасын.Озубуздун уйубуз болгондода торосон болмок.Дагы ойлонуп кор ата менен эненин балага болгон сезимдери болок болот эмеспи деди жолдошум.Ооба анын ар бир созундо чындык бар болуучу.Ошол кезде озубуз ойлогондой келечек куруу учун,журогумдун бир бологу болуп кундон кунго чонойуп жаткан наристени алдырып салуудан башка жол жок болуучу.Балким анда жаш болгондурмун.Ичим туз куйгандай ачышып кеткен болсода,колдорумдагы канды коздорум корбой калды…..

 

Адамдар жаны жашоо баштоо учун,эски омур дептеринди ортоп салгын деп кенеш беришет.Бирок кантип? Канткенде алгачкы махабатынды,алгачкы суйуу булагынан кол узуп,журогундо биринчи жолу жагылган махабат чырагын очуруго болот.Эгерде биринчи суйуумо жетпей калганымдада,мынчалык кайгырбайт белем.Коз ачып коргон инсанын менен бир балышка баш койуп, ары сырдуу,ары сыйкырдуу махабат тундорун чогуу откозуп, турмуштун ысык суугуна чогу тонуп,акырында арман куусун жалгыз чертуудон откон арман барбы дуйнодо,аял заты учун.Жан канчалык сизди унутууга арекет кылбайын ошончолук сизди сагына берем.Ар дайым коз алдымда сиздин элесиниз,сиздин кылык жоруктарыныз,жашап келет.Жан мени кечирин,даригерлер сизди акыркы кундорун жашап жатат дегени учун,сиздин арман отунда жанганынызды коруп туруп сизге калп суйлогону мажбур болдум.Сиздин «-асылым бир эки кундон бери тушумо бир ото ширин,колу буту ото кичинекей,мурду мотурайган наристе кирет.Анын коздорунон сенин коздорунду кордум,анын жузунон сенин ажарын тогулуп турат.Мен ошондой таттуу наристем болушун ото каалаган болчумун.Балам болушун энсеген элем…..Кудайыма нааразы болбоймун жалгыз болсода кызыбыз бар.Бирок коп балалуу болууну нийет кылган болчумун.Мени кечир ошондо акча деп сени бойунан алдырууга сени туртпогонумдо,балким бугун жашооубуз башкача болмок….. Дуйнодо эч бир куноо жазасыз калбайт экен.Тагдыр бизди бала жытына зар кылып бизди жазалады…… Кайра ойгонбой каламынбы деп коздорумду жумгандан корксомда,карегинде сенин коздорун бар ошол тушумдогу наристени коргум келип,коздорумду жума берем.Тан калыштууа наристе жыты деп мен олумдонда коркпой жатам.Эмне учун аны убагында тушунбодум экен.Адамзат канчалаган каталарга жол койобузго,бирок биринда мойнубузга албайбыз.Олум менен омурдун арасында жатканында,тируулуктун озу бир чон доолот экенин,наристеден артык байлык жок экенин тушунуп жетет экенсин.Олум ак! Олум бардык кылган кунолорунду мойнуна койот турбайбы.»-деген создорунуз мени ого бетер калп суйлогонго турту.Сиздин абириниз алдында токкон коз жаштарынызга чыдай албай -жан коп кайгырбан кудайым бизди кечирди сиз дагы ата болосуз.Менден капа болбон сиз менен алышып журуп бойумда бутконунда билбей калыпмын.Сиздин тушунуз онунан келиптир.Буйруса биз улдуу болобуз деп сизге калп айтым.Ошондо сиздин омурунузду бир кунго,бир саатка болсода узартуу учун менде калп суйлоодон болок жол жок болуучу.Ошондогу сиздин кубанганынызды соз жеткизип жазып,суйлоп тушундурууго болбойт.Мени жаныныздан бир кадамда алыс жылдырбай «-Асылым сага рахмат.Мен тагдырыма минден мин ыраазымын.Олум мени бир бутумдан тартып жатсада,мен ажалга бойун сунуу нийетим жок.Кайрадан он сегиз жашым кайтып келгендей,кайрадан махабат отунда жанып кыз суйгондой толгонуп жатам.Жаным ата болуу кандай жакшы»-деп толкундап чарчаганча суйлой бердиниз.Ооба жан сиздин создорунуз менида жаштыгыбызга кайтарды.Бирок мени кош бойлуу эмес экеним журогумо мыктай сайып,сайып жатты.Жан баарыбыз олум алдында алсыз жандар экенбиз.Сиз кундон кунго жузунустон нур качып,кундон кунго дарак сымал куйрап жаттыныз.Сиздин акыркы создорунуз озогумду ортоп кетти.Сиз оор ушкуруп»-Алтыным тан калыштуу а,ата болуу бактысы кеч болсода тагдырына бутсого,оз канындан жаралган наристенди коруу насип этпесе.Саат жебелери жылган сайын абалым оорлошуп баратат.Сага айтпайын деген болчумун бирок ичимдеда сактай албадым.Биз ото чон куноо кылган экенбиз.Сени бир гана эмес эки жолуу бойундан алдырууга мажбур кылдым.Баардык куноону кудайым алдында оз мойнума аламын.Сенин балдарыбыз олумундо бирда кунон жок.Сен болгону суйуктуу жолдошундун гана буйругун аткардын.Олум тошогундо жатып мен коргон азаптардын биринда сага ыраа корбоймун.Эгер билсен асылым бугун туну байагы мен жакшы коруп калган наристе озуно окшогон дагы бир наристени эрчитип келди.Алардагы чырайдан коздорумду узо албай калдым.Тан калыштуусу ал наристелердин канаттары бар болуучу.Алар учуп журушот.Колдорунда кумган бар болуучу.-ата колдорунузга суу куйуп берейимби дегендей мага карашып кумган тутушат.Сен ишенбейсин жаным.Колдорумду тутсам кумгандан суу эмес кан куйулду асылым.Дене бойум мууздап коркуп кеттим.Демек асылым сенин чачтарынды сылаган колдорумда балдарыбыздын каны бар.Олбой туруп ушунча азап тартсам олгондон кийинки гор азабы,дозок азабы кандай болду экен.»-деп курс,курс жотолуп энтиге туштунуз.Дене бойум калтырап сизге медер болор бирда соз айта албадым.Калп соз болсода сиздин конулунузду которо турган бир соз ошондо мееме келсе кана эле.Сиз копко унсуз жатып дагы созунузду уладыныз»-Ак кууум менин,ак гулум менин бойго жетелек кызым менен али тороло элек баламдын бардык туйшукторун сага таштап койуп,канчалаган убадаларды берип туруп,биринда аткара албай кетип жаттуу эркек киши учун олумдонда артык уят,намыс экенин билгенинде эле.Кана эми омурду артка кайтаруунун мункунчулугу болгондо эле.Ата-Журтун эн бир четиндеги айылда болсода,кара шыбак уйдо жашасакда,коп балалуу болуп бактылуу жашамакбыз.Бир бутун гордо болгондо гана дуйнодо баладан артык байлыкда бакытда жок экенин тушунот экенсин…… Тагдырдын ушунчалык таш боорлугун кор алтыным.Олуп жатсамда сени эч кимге ыраа корбоймун.Бирок биз тагдырга там беруудон башка айлабыз жок жаным.Менсизда бактарына жаз келет.Жанында мен болбосомда кайрадан куштар сайрап,балдарыбыз кайрадан ачылган байчечектерди терип ойношот.Мен кеткенден сонда омурун улана берет.Дуйнодо жалгыз калуудан откон азап жок.Жалгыз жашоо акырындык менен оз жанын кыйуу менен барабар.Эгерде сени сыйлаган,кадырынды билген инсанды жолуктурсан сунушуна жок деп айтпагын.Мен сени бактылуу кыла албадым.Сен бактылуу болууга тийишсин.Дуйнодо мен суйгон жападан жалгыз аял сенсин.Тируулукто сага азап берип жашадым,менин олумумдон сонда мени деп азапда жашашынды каалабаймын.Сенин бактылуу болушунду каалаймын.Мени унут.Олумумдон сон оз бактынды ойло.Болгону билгин сени журогум токтогонго чейин суйуп жашаймын.Баарысы учун мени кечир»-дединизда жансыз болгон кирпиктеринизди кактыныз.Ошол ошол сиздин унунузду укпай калдым…….

Жан арадан канча жылдар отсода сиздин жытыныз журогумдон кеткен жок.Сиздин жытыныз,кулкулорунуз кан каныма синип кеткен турбайбы.Сиз айткандай кайрадан айылыбызга жаз келди.Кызыбыз бир сулуу кыз болуп чонойуп жатат.Сиз эккен дарактар бучур байлап гулдоду.Эшик алдында канчалаган турлуу гулдор ачылды.Болгону конулумо жаз келген жок.Заныратып уй салдыныз,бирок журогумду толтурбадыныз.Дарак эктиниз,бирок салкынында олтурбадыныз.Кеттим дединиз,бирок кайра кайтар жан сыйактуу ак суйумду солутпадыныз.Махабаттан жанды омурум,бирок тагдырымдан калды конулум,жазмышымдан калды конулум…….

Жан азыр мен тамчылап жааган жамгыр менен жалгыз дарак сыйактуу сиздин мурзонузго тигилип турамын.Жан бул создорду айтуу сизге мен учун отоо оор болсода айтышым керек.Мен тагдыр жолумдагы сиз айткандай экинчи ыймандуу эркекти жолуктурдум.Балким сиз ушундай болушун каалаганыныз учунда тагдыр мага бооруу ачыгандыр.Мени кечирин жан бугун сиз мененда,алгачкы махабатым мененда коштошкону келдим.Мени кечирин жан.Мен сиздей инсан омурумдо бар болгону учун кудайыма ыраазымын.Сизге рахмат.Сиз менен аз жашаган болсокда ото мазмуундуу жашаган экенбиз.Сиз айткандай омур улана берет турбайбы.Кош махабатым,кош алгачкы суйуум,кош алгачкы аруузатым,туболукко кош!…..

Замандаш бул аянычтуу бир тагдырдан ар ким озу каалагандай чечим чыгарсын.Унутпан бойунан алдыруу оз баласын олтуруу менен барабар.Баарыбызга кудайым ыйман берсин…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE