Пример HTML-страницы

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин Оштогу бөлүмүнө айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттиктин Ош шаардык бөлүмүнө («Унаа») айып пул салынды.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 11-апрелинде Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 27-беренесине, өкмөттүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде POS-терминалдардын жана/же QR коддорунун болушун текшерүү үчүн уюштурулду.

Мониторингдин жүрүшүндө акы алып кызмат көрсөтүүдө POS-терминалдардын жана/же QR коддорунун жоктугу аныкталды. Жыйынтыгында аталган мекемеге Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 317-беренесинин (банктык төлөм карталарын жана электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жасоо үчүн каралган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) жоктугу жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартуу) 2-пунктуна ылайык 5000 сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE