Пример HTML-страницы

Turmush: «Үлпөт тоюбузда салат менен суусундуктар тоңуп калганы эстен кетпейт»: Баатыр эне О.Ахмедованын жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Олмахон Ахмедова быйыл «Баатыр эне» орденин алды. Жети баланын энеси жашоосу тууралуу Turmush басылмасынын кабарачысына айтып берди.

Олмахон Ахмедова 1980-жылы 18-октябрда туулган. Кичинесинен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Андыктан дайыма көп балалуу, ынтымактуу үй-бүлө курууну кыялданганын айтты.

«Таенем 11 баланын энеси. Өзүмдүн апам 7 баланын сүйүктү апасы. Баарыбызга бирдей мээрим төгүп, ар бирибизге туура тарбия берди. Мен дагы чоң үй-бүлөлүү болууну самачумун», — дейт ал.

Ал эсинде калган учур тууралуу айтып берди.

«Үлпөт тоюбузду эстеп күлүп калабыз. Жолдошум экөөбүз 2000-жылы 29-январда баш кошконбуз. Үйдөгү короонун тегерегин килемдер менен курчап, кооздоп той берген элек. Дасторкондогу салат менен суусундуктар тоңуп калганы эстен кетпейт», — дейт ал.

Андан бери 24 жыл өтүп, бул аралыкта жубайлар 7 баланын ата-энеси болушту. Олмахон Ахмедованын айтымында, ар бир бала төрөлгөндө үй-бүлөнүн бактысы да, жоопкерчилиги да көбөйөт.

«Алгачкы жолу балалуу болгондо кубанычым койнума батпай сүйүнгөнүм эсимде. Ушундай эле сезим ар бир балам аман-эсен жарык дүйнөгө келгенде болду. Балдарым менин бактым, байлыгым. Балдарымды үлгүлүү тарбиялап, билим берип, Кыргызстандын атын чыгарган уул-кыздардан болушун каалайм. Эл-жери үчүн кызмат кылган балдардан болушунун жараткандан тилеп келем», — деди ал.

Ар бир баланын өзүнүн кызыгуусу, өнөрү болорун айтат.

«Мисалы, балдардын кызыгуулары тууралуу айтсам. Уулу балам унааларга кызыкса, экинчи уулум жаныбарларды жакшы көрөт. Кызым ар түрдү даамдуу тамактарды, салаттарды жасоого кызыкса, андан кийинки уулум спортко кызыгат. Кенжелеринин да кызыгууларын байкап, ага жараша тилектерин ишке ашырууга жардам берип келем», — дейт баатыр эне.

Каарманыбыздын ысымына кызыккандар көп.

«Атымды атам койгон. Ысымым бийчи кыздын аты экен. Ал кезде Өзбекстандын айылында жашачу экенбиз. Анан төрөлгөндө күбөлүк жазган эже «О» тамгасы менен жазып коюптур. Аны «А» тамгасына өзгөртүүгө кайра ал мамлекетке барып, көп убарачылык талап кылынгандыктан өзгөрткөн эмесмин. Өзүм кыргыздын кызымын, жолдошум да кыргыз жигити. Атымды уккандар кызыгып, улутумду да сурап калышат», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE