Пример HTML-страницы

Айт күнү Кара-Сууда эс алууга барган жигит аскадан кулап кеткен. Ал тергөөчү экени белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында эс алууга барган жигит аскадан кулап кеткен. Ал тергөөчү экенин Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, ал — Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн 25 жаштагы тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты А.К.

Окуя 10-апрелде, тактап айтканда Озоро айтта болгон. Бул күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы бардык аймактардагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып бара турганын билдирген.

Ош облустук ооруканасынын маалыматы боюнча, жардан кулап келген жигиттин абалы туруктуу. Колу сынып, беттери тытылган. Ушул жуманын аягында үйүнө чыгарылат.

Буга чейин Turmush эки жигит Папан суу сактагычынын жогору жагындагы тоолорго эс алууга барып, бири жардан кулап кеткенин жазган.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө окуя тууралуу билдирүү саат 17:59да түшүп, куткаруу кызматынын 3 куткаруучусу жерине барган. Аскадан Мады айыл аймагынын Октябрь айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.К. кулап кеткен. Ал Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE