Пример HTML-страницы

4 баланын апасы Нуриза айым Баткенде кыз-келиндерге акысыз юридикалык кеңеш берип иштеп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush30 жаштагы Нуриза Исамидинова өзү жашаган Баткендин Самаркандек айылында кыз-келиндерге акысыз укуктук кеңеш берип келет. Аймактык кабарчы юрист айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, декреттик өргүүдө онлайн юридикалык жардам көрсөтүп келген. Акыркы 1 жылдан бери укуктук кеңешке муктаж кыз-келиндерди кабыл алат. Мындай учурда соттук иштерге да катышып, жабырлануучуларга эмне кылуу керектигин айтып, ишин жеңилдетет. Анын жумушунда көпчүлүк кыз-келиндер ажырашуу, алимент өндүрүү же балдарын кайтарып алуу сыяктуу маселелер менен кайрылышат. Баткен аймагында өз укугун билбей жүргөн адамдар көп.

«Лейлек районундагы «Российский новый университеттин» филиалында 5 жыл окуп, жогорку билимге ээ болгом. Башта Баткен райондук сотунда практикада жүрдүм. Анан турмушка чыгып, бала төрөп, онлайн иштеп жүрдүм. Мында акысыз эле кыз-келиндерге укуктук кеңеш берип келдим. Азыр эми кабыл алам. Зордук-зомбулукка кабылган, ажырашкан, алимент ала албай жүргөн, бала талашып жүргөн аялдар кайрылат. Юридикалык кеңеш берүү акысыз.

Соттук процестерге да катышам. Акыркы жолу 10-класстагы окуучу кыздын 32 жаштагы адам тарабынан 6 жолу зордукталганы боюнча сотко катыштым. Кылмышкер 20 жылга эркинен ажыратылды.

Бизде Баткенде көп адамдар өз укуктарын билишпейт жана коргой алышпайт. Мисалы иши түшүп айыл өкмөткө барышса алар «антиш керек» десе эле «аа ушинтишим керек экен» деп кете берет. Алар өздөрүнүн укуктарын коргой алышпайт.

Кээ бир үй-бүлөлөрдөгү аялдар күйөөсүнөн токмок жеп, бирок чыдап, элдин сөзү деп эч жакка кайрылышпайт. Анан дагы бир жагы бизде алдын ала кайрылганда эч кандай чара колдонулбайт, жазага тартылбайт. Мындай учурда атайын экспертизанын талаптары аткарылса, чын эле токмок жеп, зордук көргөнү аныкталса, эң жогорку жаза — 7 күн камакка алуу, эмгекке тартылуу же акча төлөө. Бирок экспертиза чыкканча же андан кийин күйөөсү аялынан өч алуу максатында мындан да жаман ишке баруусу мүмкүн. Бул жагы аябай өкүнүчтүү

Көпчүлүк адамдар нотариус, юрист, адвокат бирдей эле кызмат көрсөтөт деп ойлошот. Ошон үчүн да мага тиешелүү эмес кызматтарды айтып келишет. Юрист жогорку билимге ээ болот. А нотариус болуу үчүн 3 жылдан кем эмес стаж, атайын экзаменден өтүп, сертификатка ээ болуу керек. Ал эми адвокат болуу үчүн 1 жылдык билим, атайын экзаменден өтүп, сертификат алуу керек. Юрист адвокат сыяктуу жабырлануучуну актап же коргоп чыга албайт» — деди ал.

Нуриза Исамидинова учурда үйүндө, соцтармактарда, Баткен шаарындагы атайын кеңседе укуктук кеңеш берет. Учурда 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE