Пример HTML-страницы

«Альянс Алтын» компаниясы Таластагы айылдарда сел каптоолорду алдын алууга жардам берип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы өнөктөштөрү менен биргеликте Талас районундагы сел ташкынынан кийинки каналдарды тазалоого чоң техникаларын жиберди. Бул тууралуу жаратылыш кырсыгы катталган Беш-Таш айыл аймагынын башчысы Шамил Мурат билдирди.

«Катуу жааган жамгырдан кийин айыл аймагыбызда сел жүрүп, айылдарыбыздагы үйлөр дагы кооптуу абалга келип турат. Кырсык катталган биринчи сааттан баштап өзүбүздүн жана облустагы техникалар мобилизация болуп, иш алып баруудабыз. Ал эми аймагыбыздагы эң чоң канал болгон ГЭС каналын тазалоого оор техниканы Жерүй кенинин «Кыргыз Логистик сервис» компаниясы жиберди. 2 сутка тынымсыз иштеген техниканын жардамы менен каналыбызды тазалап жатабыз. Мындай оор техника жоктугунан улам каналыбызды союз мезгилинен бери мындай чоң тазалоодон өткөрө албай келгенбиз. Өз убагында ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн «Кыргыз Логистик сервис» компаниясына ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Айылдардагы суу ташкынын алдын алуучу каналдарды тазалоого көмөгүн көрсөтүп жаткан «Кыргыз Логистик сервис» компаниясынын башкы адиси Алтынбек Борукеев техникалар күнү-түнү тынымсыз иштеп жатканын айтты.

«Биз «Альянс Алтын» компаниясынын подряддык организациясы «Кыргыз Логистик сервис» нөшөрлөгөн жамгырдан улам Талас районундагы сел алып кеткен айылдардагы каналдарды тазалоо иштерине «Альянс Алтын» менен биргеликте жардам берип жатабыз. Кудай буйруса 3-4 күндүн ичинде айыл өкмөтү суранган каналдардын бардыгын тазалап бүтөбүз деп турабыз», — деди Борукеев.

21-22-апрелинде Талас районундагы Ак-Жар, Көк-Кашат, Кырк-Казык айылдарында катуу жаандан улам сел жүрүп, 250дөй турак жайды суу каптаган. Жаратылыш кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал абалы киргизилген айылдарга алгачкы күнү эле «Альянс Алтын» компаниясы оор техникаларын жиберген.

  • Буга чейин Талас районунун аймагында селдин кесепеттерин жоюу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

22-апрелде Талас районунда катуу жааган жаандан улам айылдарда кыян жүргөнү кабарланган.

Маалым болгондой, Талас шаардык №17 ӨКБга саат 18:57де Талас районунун Кең-Кол айылындагы Семетей көчөсүндө үйлөрдү сел суулары каптап жатат деген маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле, саат 17:50 чамасында Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын күн батыш тарабында талаадан түшкөн сел Талас—Тараз—Суусамыр автоунаа жолун каптаган. Жерине Талас району боюнча ӨКБнын башчысы Э.Курмарбаев жана 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.

Саат 17:56 чамасында Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылынын ички көчөлөрүн талаадан түшкөн сел каптаган. Жерине Талас району боюнча №101 ӨКБнын башчысы Э.Курманбаев, 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан. Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын ички көчөлөрүн сел суулары каптаган.

ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгы селдин калдыктары тазаланып жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, жалпы Талас облусунун Айтматов, Талас райондорунун 4 айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинин 252 үйдү, короо-сарайды ички чарбалык унаа жолдорду суул каптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE