Пример HTML-страницы

Ошто сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик аял кишилер аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОшто сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Р. аттуу жаран аял кишилердин сойкулук кызматын аткарууга көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголуп, Ош облустук ички иштер башкармалыгы ИИМдин ички иликтөө жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө амалдарын баштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында 2024-жылдын 25-апрель күнү Ош шаарынын аймагында жайгашкан мейманканаларда коңшу өлкөнүн 13 жараны (аял кишилер) кармалып, тергөө кызматына камсыз болушкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 1984-жылы туулган К.Т. аттуу жараны кылмышка шектүү катары кармалып, анын жанынан сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштургандыгы үчүн алдын ала белги коюлган акча каражаты далил буюм катары алынып, камакка алынган.

Алдын ала маалымат боюнча кылмышка шектүү К.Т. кардарлар менен кызмат акысын сүйлөшүп алып, аял кишилерди коңшу өлкөдөн чакырып, шаар аймагында мейманканаларында системалык түрдө сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштуруп келген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE