Пример HTML-страницы

Ысык-Көл районундагы талаадан белгисиз адамдын сөөгү табылган. Анын өздүгү аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл районунда өткөн «Издөө» иш-чарасынын жүрүшүндө мурда табылган сөөктүн өздүгү такталды. Ал Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну Б.У. болуп чыккан. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чара 24-25-апрель күндөрү Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Расмий маалыматка караганда, 14-апрелде Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тамчы айылдык милиция бөлүмүнө телефон аркылуу Орто-Талды-Булак тилкесинде белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул билдирүү Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Ыкчам-иликтөө тобу азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денесин таап, сыртынан текшерүү жүргүзүшкөн. Анда зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE