Пример HTML-страницы

Ошто унаада уктап жаткан милиционерди видеого тартып алышкан. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында унаада уктап жаткан милиция кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан унаада уктап жаткан милиция кызматкеринин видеосу жарыяланган. Видео 2024-жылдын 7-мартында тартылган.

Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кызматкер саат 12:00-14:00 аралыгында эс алган. Ал убак түштөнүү убагы болгон. Бирок орозого байланыштуу кызматкер эс алууну туура көргөн.

Учурда ички иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE