Пример HTML-страницы

Сокулуктагы кыргыз тилчи Д.Маматаева «Жыл мугалими-2024» сынагынын райондук турунда баш байгени жеңип алды (маек)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы Краснооктябрь №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Динара Маматаева «Жыл мугалими-2024» сынагынын райондук турунда баш байгени утуп алды.

Каарманыбыз 1980-жылдын 20-июнунда Ош облусуна караштуу Алай районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Маматаев Султанбек совхоз мезгилинде алдыңкы чабан болуп, райондук советтин депутаты, апасы айылдын уз-чебери болгон. Ардактуу мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ата-энемдин жогорку билими жок болсо да, ар дайым китеп окуп, бизге үлгү болушкан экен. Мен китепти баалаган, китеп окуган үй-бүлөдө тарбияланганыма ыраазымын. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, төрт уул, эки кыз. Жолдошум Акылбек Эргешов кесиби боюнча геолог. Үч уулдун энесимин. Биринчи уулум Адахан Эл аралык Кувейт университетинин 2-курсунун студенти. Кийинки эки уулум мектеп курагында.

Өзүм 2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин эң жакшы жетишкендиктер менен аяктагам. Турмуш шартка байланыштуу 15 жыл өз кесибим боюнча иштеген жокмун. Бирок жүрөгүмдөн мугалим болуп иштегим келчү. Иштебей жүргөн мезгилдеримде да ар дайым окуп жүрчүмүн. Сөзсүз иштейм, мен окуучуларга билим беришим керек деген көксөм жүрөгүмө тынчтык берчү эмес.

Ошентип, 2017-жылы Сокулук районуна караштуу Краснооктябрь №2 орто мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп жумушка орноштум. Кубанычымда чек жок. Жумушка орношкондон баштап өзүмдү ар тараптан өнүктүрүү максатында мугалим үчүн эң керектүү болгон курстардан окуй баштадым. Билим алууда эч качан акча аяган жокмун. «Кылым жашасаң, кылым оку» дегендей билим алууну эч качан токтотпойм.

2018-жылы аталган мектептин социалдык педагогу болуп дайындалып, бир жыл иштедим. 2021-жылдан баштап новатор мугалим Гапыр Мадаминовдун энелер мектеби боюнча Сокулук районунда ыктыярдуу лидер мугалим болуп, онлайн жана офлайн форматта көптөгөн ата-энелерди окуттум. 2022-жылы Динара Сарбашеванын демилгеси менен жаш мугалимдер мектебин өзүм иштеген мектепте уюштурдум. Андан соң Чүй облусу боюнча мектептерге барып, жаш мугалимдерге жакындан жардам көрсөтүү, кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында ыктыярдуу түрдө бекер тренингдерди өттүм», — деди каарманыбыз.

Динара айымдын айтымында, мугалим болууну бала кезинен кыялданып келген.

«Мугалим — менин сүйгөн кесибим. Эгерде кайра кесип тандоо мүмкүндүгү берилсе, дагы деле мугалимдик кесипти тандамакмын. Анткени, балдар менен иштешүү ушунчалык кызык.

Үзүрлүү эмгектин арты менен Сокулук районунда өткөн «Жыл мугалими-2024» сынагынын баш байгесин утуп алдым. Негизи чыныгы мугалим мугалимдикке ар дайым даяр болуш керек. Биринчи турга 10 күндөй даярдандым. Ал эми экинчи жана үчүнчү турга 2 күн даярдандым. Баш байгени утуп алууга биринчиден Жараткандын буйругу, экинчиден апамдын ак батасы, үчүнчүдөн мени колдогон жолдошум, директорум Гүлипа Насирова, эмгек жамаатым жана айланамдагы жакшы адамдар себепчи болду. Адам баласында биринчиден өзүнө болгон ишеним жана тынымсыз аракет болуш керек. Ушул эки нерсе болсо, сөзсүз ийгилик болот. Менин өзүмө болгон ишенимим жана көп жылдык аракетим бар болчу. Негизги максатым баш байгени утуп алуу болгон. Буйруса алдыда дагы чоң -чоң максаттарым бар.

Мугалимдик кесиптен сырткары, окуу борбордун негиздөөчүлөрүнүн биримин. Шар окуу, тез окуу, ЖРТ, оратордук чеберчилик боюнча тренермин. Бош убактым деле жок. Бирок баарына жетишкенге аракет кылам. Курак кураганды жакшы көрөм.

Ал эми мектепте ичинде кири жок, баёо кыял окуучулар менен иштеген абдан жагат. Кызыктуу окуялар көп эле болот. Азыр эсиме келгенин айтып берейин. Жаңыдан иштеп жүргөн мезгилде бир окуучум «эжеке, эжеке» деп жаныма келди. Мен бир нерсе айтат го, же сабакты түшүнбөй калган го деп ойлодум. Анан жаныма келип, акырын кулагыма «саламатта калыңыз» дейт. Күлгөн бойдон калдым.

Сыйлыктарым Кудайга шүгүр, мактанганды анча жактыра бербейм. Мен үчүн эң чоң сыйлык окуучуларымдын, ата-энелердин, жалпы кыргыз элинин ыраазычылыгына татыктуу болуу. Окуучуларым кайсы бир убакта мага кайрылып: «Сиз берген билим, сиз көрсөткөн жол менен Кыргызстанга салым кошуп жатам» деп айтса, ошол баа жеткис сыйлык! Ошондо мен өз өлкөмө пайдалуу инсанды окутуп жатканыма ынанмакмын», — деди ардактуу мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE